«Жашообуз кыйын». Таш-Тумшук айылынын тургундары жаңжалдан кийинки абалды айтып беришти

Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасына чектеш Таш-Тумшук айылынын тургундары активисттерге маек куруп, аймакта жашоо кыйын болгонун билдиришти. Аталган айылда кыргыз жана тажик жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө жайгашкан.

Таш-Тумшуктун тургуну Мавлюда Матмуратова айыл эли 1989-жылдардан бери чек ара чатагында жашап келе жашап келе жаткандыктан, «тынч жашоо жок» дейт. Ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин тургундар күндүзү да, түнү да абалга көз салып, кооптонуп турушат.

«Коркобуз, анан эмне кылабыз? Балдарыбыз, өздөрүбүз да стресс болуп бүттүк. Бир эле жаныбызды ойлоп калдык. Иш кылайын десең ишке колубуз тийбейт, эгин-тегиндин маалы экен — эртең кышында бизге жашоо керек да. Аларды жыйыштырып эле койдук, талаадагы ишибиз калды», — деди ал.

Матмуратованын айтымында, жаңжал башталганда алар Рават айылына эвакуацияланган. Ал жерде тургундар төрт күн баш калкалаган.

«Кызыл Ай» коому Рават айылында. Сүрөт 2-майда тартылган

Дагы бир жергиликтүү тургун Таш-Тумшукту Тажикстандын айылдары курчап алгандыктан алар «анклавда» калганын айтып, чыр чыгып кетсе кача албай калышарын белгиледи. Ошондой эле, ал тажик коңшулары менен мурда жакшы сүйлөшүп жүргөн болсо, акыркы окуялардан улам алар сүйлөшпөй калганын айтты.

«Биз бул айылдан качып чыга албайбыз. Качайын десек бүт айылыбыз анклавда. Жашообуз кыйын. Тажиктин үйүн көрүп жатасыңар, кыргыздын үйүн көрүп жатасыңар — ремонт кылайын десек бизди [тажик тарап] жасатпайт. Кошунабыздын үйүн тажиктер үч жылдан бери оңдотпой жатат. Бизди караган эч ким жок» — деп кейиди ал.

*Буга чейин Таш-Тумшук айылынын ондогон тургуну Тажикстандын аскерий агрессиясынан кийин президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аларды коопсуз жайга көчүрүүнү суранышкан.

29-майда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Таш-Тумшук айылынын коопсуздугу көзөмөлдө экенин билдирген.

«Ыйгарым укуктуу өкүл айыл элинин коопсуздугу, ички иштер кызматкерлери менен чек арачылардын күнү-түнү көзөмөлүндө экенин айтып, кооптонбоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды», — деп берилет өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Өкүлчүлүктөн жолугушуу учурунда Таш-Тумшуктун тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында алар айылдан кетпөөнү чечкенин кошумчалашты.

Мындан сырткары Алимбаев Таш-Тумшукка чектеш Көк-Терек айылынын тургундары менен жолугушкан — аталган айылда 17 үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда Көк-Теректин тургундары Ак-Татыр айыл аймагындагы чатырларда жашап жатат. Облус башчысы жабыркаган тургундар күзгө чейин жаңы үйлөргө киргизиле турганын убадалаган.

«Дарбаза менен курулуш материалдарды тоноп кетишти»

Таш-Тумшуктун дагы бир тургуну Чынар Аширбаева тополоңдо жаңы дарбазасы жана курулуш материалдары жоголгонун билдирди. Аширбаеванын айтымында, ал эски үйдү бузуп, жаңы үйдү салууну көздөп жаткан.

«Арматуралар менен цементке аралаштыра турган шагылды алып кеткен. Чоң темир дарбаза эле… мындай кылып таш түшүрдүм эле. [Дарбазаны] жакында коёюн деп жаткам, тажиктер алып кетти. Кечээ айыл башчыбыз айтат: “Сиздин дарбазаңыз жети миңдик дарбаза, мен жалынып жүрүп сизге 30 миң жаздырдым” дейт. Кечээ базарга барсам дарбаза 35 миң турат экен. Бирок ал дагы жука да, меники Союз маалындагы дарбаза болчу», — деди Аширбаева.

Тургун 2-топтогу майып, ал ай сайын 3,5 миң сом жөлөк пул алат. Аширбаеванын айтымында, азырынча алар жардам катары 30 килограмм ун жана май алган — аны тургундарга «Кызыл ай» коому берген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы учурда тажик аскерлеринин кол салуусунан келген зыянды эсептөө үчүн атайын комиссия иштеп жатканын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен мамлекет жана коомдук уюмдар зыяндын ордун толтуруп беришерин айтышты.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект талкаланганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жаңжалдан 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлаган. Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик