COVID-19: Коронавирустун жаңы 382 учуру катталды, 7 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

1-июнда коронавирустун жаңы 382 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 295, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 87. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 184;

Чүй облусунда — 70;

Ысык-Көл облусунда — 27;

Ош шаарында — 40;

Ош облусунда — 24;

Жалал-Абад облусунда — 20;

Талас облусунда — 2;

Баткен облусунда — 5;

Нарын облусунда — 10.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 105 111ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 329 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 200, Чүй облусунда — 51, Ош шаарында жана Нарын облусунда — он үчтөн, Ош жана Талас облустарында — ондон, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 17, Баткен облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 98 873 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 634 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 429 киши оор, 86 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 758 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 990.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — эки, Чүй облусунда — беш COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 815 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек жана Ош шаарларында — үчтөн, Чүй облусунда — бир, Ош облусунда — төрт медиктен илдет аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 674кө жетти, анын ичинен 4 581 медкызматкер илдеттен айыкты.