Эмделген туристтер өлкөдө ээн-эркин саякаттай алат — Туризм департаменти

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова мекеме COVID-19 пандемиясынын шартында туризмге байланыштуу жаңы алгоритм кабыл алууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 1-июнда басма сөз жыйында айтты.

Кенжематованын айтымында, бул алгоритм вакцина алган туристтерге өлкө ичинде тоскоолдуксуз жүрүүгө жол ачат. Ушул эле эрежелер ички туристтерге — Кыргызстандын жарандарына дагы тиешелүү болот.

«Документтин кол коюусуна беш маморган тартылды, учурда документ ТИМде, андан соң “Манас” аэропорту менен транспорт министрлиги калат. Бул маселе ушул аптада чечилип калат деп үмүттөнөм», — деди Кенжематова.

Алгоритмден тышкары, Туризм департаменти өлкөнүн туристтик объектилери жана туристтердин өздөрү үчүн жаңы санитардык талаптарды киргизүүнү пландап жатат. Департамент так кесе кандай жаңы эрежелерди киргизээри айтылган, бирок Кенжематова бул маселе «жакын арада» чечилет деп кошумчалады.

«Дагы бир маанилүү маселе — чек араны автотранспорт аркылуу кесип өтүү, бул суроону Республикалык штабга [кароого] жөнөттүк . Биз бир гана 33 өлкөнүн жарандары эмес, бардык жарандар жердеги чек араны кесип өтүүгө мүмкүнчүлүк алса дейбиз. Бул тизме 2020-жылдын март айынан бери өзгөртүлө элек», — деп белгиледи Туризм департаментинин директорунун орун басары.