«Манас» аэропортунда COVID-19’га ПЧР-тест тапшыруу үчүн лаборатория иштеп баштады

«Манас» эл аралык аэропортунда 31-майдан тартып COVID-19 дартына карата ПЧР-тест тапшыруучу лаборатория иштеп баштады. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

ПЧР-тестти аэропорттун экинчи кабатында саат 8:00дөн кечки саат 18:00гө чейин тапшырса болоору айтылды. Анализдердин жыйынтыгы 1,5 - 5 саат аралыгында даяр болот.

Анализдин жыйынтыгын чукул арада алуунун (1,5-2 саат аралыгында) баасы 3,5 миң сомду түзөт. Эгерде жүргүнчүлөр көбүрөөк күтө алса (4-5 саат), анализдин баасы 1000 сомго азыраак болот.

Басма сөз кызмат тесттин жыйынтыгын www.amsbiolab.kg сайтынан көрүүгө же аэропорттун өзүндө үч тилде жазылган кагаз түрүндө алса болоорун кошумчалашты.

«Манас» эл аралык аэропортунда лаборатория ачылганы тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун Түштүк Кореянын «BS Group» корпорациясынын төрайымы Пак Хё Рин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болгон. Кийинчерээк министрлер кабинети лабораториянын ачылышы 21-майда болгондугун маалымдаган.

Лабораторияда бир күндө ПЧР-тесттен 14 миңге чукул адам өтө алат.1-июнга карата маалыматка ылайык, өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруунун 105 111 учуру аныкталган. 1 815 адам коронавирустан каза тапкан.

Материалдын үстүндө иштегендер: Нурсултан Үсөнов жана Бегимай Арстанбекова