Баткен: Кошунасынын куралынан башына ок жеп каза тапкан 5 жаштагы Белектин өлүмү иликтенүүдө

Сүрөт: «CABAR.asia» басылмасы

Баткен облусунун Самаркандек айылында жашаган 5 жаштагы Белек Каландаров башына тийген октон каза тапты. Ок анын 14 жаштагы кошунасы тарабынан атылган. Өспүрүмгө карата «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ал эми анын атасын куралды мыйзамсыз пайдаланууга айыпталып кармалды.

Окуянын чоо-жайы

Окуя 15-майда Самаркандек айылынын Андиген жайлоосунда орун алган.

Жаш баланын атасы Тилек Каландаров «Турмуш» басылмасынын кабарчысына Белекти ата-энеси 15-майда түштөн кийин таппай калганын айткан. Ал 10:30дар чамасында апасынан 14 жаштагы кошунасы Арген менен ойноп келүүнү суранып, үйдөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Андан соң Каландаров мал кайтаруудан келип, үйүндө тамактанып жаткан учурда Арген телефон кубаттагыч сурап келген. Каландаров ошол убакта «Аргендин колу калтырап, абалы башкача эле» дейт.

«Мен кубаттагычты Аргенге берип жатканда анын колу калтырап, абалы башкача эле. Анан келинчегим ага карап “Белек сени менен ойнойм деп кеткен эле, Белек кана?” деп сурады. Бирок ал “мени менен барган жок” деп жооп берди. Мен келинчегиме “Белекти кошуналардан сурачы, чоң энесин күтүп, жолун карап кеткендир” деп өзүм да уулумду издей баштадым», — дейт Каландаров.

Андан кийин ал кошунасынын үйүнө барып, андан уулун издөөгө жардам берүүнү суранган. Кошунасы экиге бөлүнүп издөөнү сунуштап, Каландаровду Бел конушуна жөнөтүп, өзү сай тарапты издөөгө кеткен.

Каландаров тоодо уулун издеп жүргөн убакта ага күйөө баласы телефон чалып, Белек табылгандыгын айткан. Бирок, ал үйүнө келген учурда уулун апасы кошунасынын унаасы менен Самаркандек айылындагы ооруканага алып кеткен.

«Кошунама телефон чалып “уулум эмне болуптур” деп сурасам, “сабыр кыласың эми, таштан жыгылган окшойт» деди. Анан мен Самаркандекке ооруканага барсам, баламдын башы тешилип, канга боёлгон экен. Мен таш тийиптир деп ойлогом. Ата-энем “соттук-медициналык экспертизага бербей эле коёлу, кокустук болуптур” дешти», — дейт Каландаров.

Анткен менен Аргендин алардын үйүнө келгендеги абалы жана анын атасы Белекти сайдан өзү таап келгендиги Каландаровдо шек жараткан. Мындан улам ал соттук-медициналык экспертизага берүүнү туура көргөн. 16-майда чыккан эскпертизанын жыйынтыгында Белек башына тийген октон каза болгондугу аныкталган.

«Тергөөчүлөр тоого келип, кошунамды суракка алды. Арген Белекти кантип өлтүргөнүн милиция кызматкерлерине айтып берди. Ал уулумду курал менен үйүнүн жанындагы сайга ээрчитип барып, башына атып өлтүрүп, ылдый көтөрүп түшүп, тикенектердин арасына жашырып коюптур. Белекти баарыбыз издеп тоо тараптарга кеткенде, кошунам “башына таш тийиптир, жыгылган окшойт” деп жансыз денесин көтөрүп чыгып, апама бериптир», — деп кейиген ата.

«Мылтык сандыктын үстүндөгү төшөктөрдүн арасында болчу»

Ал эми камака алынган 42 жаштагы Бактыяр курал атасына таандык экенин айтып, анын тиешелүү документтери жок экендигин «Турмуш» басылмасына ырастады. Анын айтымында, ал куралды жайлоого карышкырлардан коргонуу үчүн алып келген.

«Куралды эч ким билбейт болчу, колдончу эмесмин. Өткөндө кыргыз-тажик урушунда бекиткен жерден алып чыкканмын. Ошол бойдон анан жайлоого алып келгем. Аны түндөсү октоп, кайра күндүзү окторун чыгарып койчумун. Анткени карышкырлар түндөсү келет. Мылтык жайлоодогу үйдө сандыктын үстүндө жыйылып турган төшөктөрдүн арасында болчу», — деп айткан ал.

Ошондой эле, Бактыяр окуя болгон күнү Самаркандек айылына кеткендигин айтып, кенже уулу Арген үйдө жалгыз калгандыгын кошумчалаган. Белек ошол күнү Арген менен ойноо үчүн алардын үйүнө келип, мылтыктыкты көрүп калып сагызган атып келүүнү сунуштаптыр дейт.

«Анан менин уулума “жүрүңүз сагызган атабыз” дептир. Экөө мылтыкты алып сай жака түшүптүр. Анан мылтыктан ок чыгып кетип, Белектин чекесине тийиптир. Кийин мени кошунам издешип койчу деп суранганынан, сай жака түшүп баланын жатканын көрүп калдым. Бара калып эле көтөрсөм катып калыптыр. Бакырып эле сайдан көтөрүп чыктым. Анан Белектин чоң энеси менен ооруканага алып жөнөдүк», — деген Бактыяр.

Ата-балага кылмыш иши козголду

«14 жаштагы өспүрүм “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен баланы атып алган. Ал окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми ок атуучу курал Самаркандек айылынын 42 жаштагы тургунуна [14 жаштагы өспүрүмдүн атасына — ред.] таандык экендиги аныкталып, курал мыйзамсыз жана тишелеүү документтерсиз болгон», — деп билдиришти Баткен ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Ал эми 42 жаштагы тургун 16-майда ок атуучу куралды эрежеге ылайык сактабагандыгы, кайдыгер мамиле жасагандыгы жана жаш балдарга жеткиликтүү жерге куралды октолгон абалда койгондугу үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

18-майда Баткен райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарган. Бирок буга жабырлануучунун жакындары нааразы болушкан жана Баткен райондук прокуратурасы облустук сотко шектүүнү камака алуу өтүнүчүн келтирген.

1-июнда Баткен облустук соту 42 жаштагы тургунду эки айга тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды. Ага «Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен айып тагылып жатат.