«Кумтөр» банкрот болуу процессин баштоо үчүн сотко кайрылды

Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышты. Эми алардын документтери АКШнын банкрот болуу жөнүндөгү Федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык Түштүк округунда каттоого алынышы керек.

Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

«Centerra Gold эл аралык жактан таанылып тартипке келтирилген реструктуризация процесси Кыргызстандын өкмөтү менен мүмкүндүү сүйлөшүүлөрдү жеңилдетет деп үмүттөнөт», — деп айтылат билдирмеде.

Компаниядан белгилешкендей, банкрот болуу процедурасы* компаниянын кандайдыр бир башка иш багыттарына эч кандай таасир этпесин белгилешти.

*АКШнын Федералдык кодексинин 11-бөлүмү боюнча демилгеленген банкроттук процедурасы көп учурда «кайра түзүү» банкроттугу деп аталат. Анын демилгечиси ээси болуп кала берет, ишенимдүү башкаруучунун ыйгарымдары менен милдеттери бар, бизнести жүргүзүүнү улантып, андан тышкары, (соттун макулдугу менен) жаңы акчаларды карызга ала алат.

Процессте кайра түзүү планы сунушталууда — ал боюнча укугу бар кредит берүүчүлөр добуш бере алат. Ошондой эле, аны эгерде план керектүү санда добуш алып, мыйзамдын талаптарына шайкеш келсе сот бекитип бере алат.

Билдирмеде бул чаралар «кыргыз өкмөтүнүн “Кумтөр” кенин негизсиз басып алуусуна жооп кылып, компанияны кошумча коргоо» жана «өкмөттүн “Кумтөр Голд Компанини” активдеринен ажыратууга багытталган мындан аркы аракеттерин же башкача бир жол менен “Кумтөр” кенин мыйзамсыз ээлеп алуусун алдын алуу максатында» көрүлгөнү белгиленет.

Centerra Gold Inc компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри талаштуу маселелерди диалог аркылуу чечүү үчүн кыргыз өкмөтүн сүйлөшүүгө бир нече жолу чакырганын, бирок Кыргызстан тарап баш тартканын билдирген.

Анын айтымында, Centerra Gold Inc дагы деле конструктивдүү диалогго даяр жана бардык колдо болгон юридикалык жана финансылык каражаттарын компаниянын, тараптардын кызыкчылыгын коргоо үчүн колдонууну улантат.

«Биз Centerra, “Кумтор Голд Компани” жана “Кумтор Оперейтинг Компани” компанияларына “Кумтөр” кенине ээлик кылуу жана башкаруу укугун берген Кыргызстан менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн арбитраждык териштирүүлөрдү улантабыз», — деп билдирди ал.

Centerra Gold Inc. Ишканасынын соту

Буга чейин Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арыздангандыгы маалымдалган.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылган.

Канада ишканасынын билдирүүсүндө Бөлтүрүк Центерранын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин кыргыз өкмөтү менен кенди басып алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делет.

«12-майда кенди басып алганга чейин “Кыргызалтын” 29 миллион доллар каражатты үчүнчү жакка жөнөтүлүүчү жасалма төлөм тапшырыгын колдонуу менен күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылган. Ал эсеп болжолу “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган», — деп айтылган Centerra компаниясынын билдирүүсүндө.

Ишкана Бөлтүрүккө ичтен да, сырттан да башкарууга тыюу салууну көздөп жатат.

Буга чейин «Кумтөрдү» иштетип келген Centerra Gold Inc ишканасы Кыргызстанды арбитраждык сотко бергени белгилүү болгон. Ишкананын билдирүүсүндө бийликтин иш-аракети тараптар тарабынан бекитилген келишимдерди бузуп жатканы айтылган. Алар өз укуктарын коргой турганын айтышкан. Анткен менен Centerra Gold «конструктивдик диалогго» даяр экенин билдирген.

Ишкана Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгарууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Ошол эле учурда, Перри Центерра талаштуу маселелерди диалог аркылуу чечүү үчүн кыргыз өкмөтү менен иштөөгө даяр экенин кошумчалаган.«Ошол эле убакта, өкмөттүн кастык аракеттери бизге Центерранын жана анын акционерлерин бардык мыйзамдуу каражаттар менен коргоону улантуудан башка арга калтырбай жатат», — деп жыйынтыктаган Перри.

« Ушул жылдын башынан Кыргызстандын бийлиги Кумтөрдүн пайдубалын бузуу үчүн өтө тез аракеттенип, биз менен чыр болуп жаткан маселелер боюнча биргеликте иш алып баруудан баш тартты», — деди Скотт Перри.

Кумтөрдүн айланасынды эмне болуп жатат?

Соңку бир нече апта ичинде Кумтөр кени депутаттар менен коомчулуктун назарына түштү. Кенди Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат.

Ал эми 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Ага чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда компаниялардын биринде тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми 18-майда бийлик Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Саясатчыларды кармоо

31-майда УКМК тарабынан бир нече чуулуу тергөө иш-чаралары жүрдү — ведомство парламенттин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров суракка чакырылганын бышыктаган.

Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райсоту аларды УКМКнын ТИЗОсуна эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Депутаттар «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат.

Мурдараакушул эле иш боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек узакбаев кармалган.Мындан тышкары, экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун жактоочусу Дастан уулу Улан дагы экс-аткаминер 31-майда УКМКга суракка 31-майда барып, ал жерде экси сааттай болгонун билдирген.

1-июнда экс-депутат Максат Сабиров дагы УКМКга «Кумтөр» иши боюнча суракта болгонун кабарлаган. Анын айтымында, ал күбө катары сурак берген.

«Мени 2012 жана 2013-жылдары “Кумтөр” боюнча комиссиянын мүчөсү болгонум үчүн сурашты. Сурактын чоо-жайын айтып бере албайм», — деген экс-депутат.Мындан тышкары, суракка күбө катары парламент депутаты Рыскелди Момбеков дагы чакырылган. Ал да Кумтөр боюнча чакырылганын маалымдаган.

«Коллегаларыңыздын баары Кумтөр боюнча суракка чакырылып жатат, ошол боюнча сурайбыз деди. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында болбосом, 2009-жылкы келишим түзүлүп жатканда оппозицияда жүрсөм, анан кандайча Кумтөрдүн ишине аралашып калганымды өзүм дагы түшүнбөй жатам. Асылбек Жээнбековдун жактоочусу айтпадыбы, 2012-жылы Садыр Жапаровду колдобой койгону үчүн камап жатат деп. Мени деле Акылбек Жапаровду колдобой койгонум үчүн чакырган болушу мүмкүн. Кумтөр алтын кенин текшерүү комиссиясынын корутундусуна карата өзгөчө пикирим өзгөчө адамдарга жакпай калышы мүмкүн», — деген Момбеков.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга чакырылган, ага чейин мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев да кармалган болчу.