«Кумтөр» иши: Жумабеков сурак берип жатат, Сабиров сурактан чыкты

Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков 1-июнда «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берип жатат. Анын иш боюнча статусу азырынча белгисиз.

Ал арада экс-депутат Максат Сабиров аталган иш боюнча күбө катары сурак берип чыкты.

«Кумтөрдөгү» коррупциянын алкагында кармалгандар

31-майда «Кумтөр» ишинин алкагында экс-депутат Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалган. Ал эми мурдараак бул иш боюнча Темир Сариев сурак берген. Ошондой эле депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген. Кийинчерээк тышкы башкаруучулук кызматка президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу

менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, компания «Кыргызалтынга» ишкананын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.