Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борбордук агенттиктин башчысынын мурунку орун басары жана бир кездеги Максим Бакиевдин эң жакын тарапташы Алексей Елисеев «Иш күндүн кечи» берүүсүнө маек курду.
Елисеев интервьюнун жүрүшүндө Бакиевдин башкаруусун актап, Убактылуу өкмөттү уурулукка айыптаган. Ал 2010-жылы жаңы бийлик Өнүктүрүү фондунан «Кумтөрдүн» 86 миллион долларын уурдап алган деп айткан.
Кумтөр кенине байланыштуу болуп жаткан иштер боюнча бир катар кишилер пикирин билдиришти, анын арасында тактан кулатылган эки президент — Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев дагы бар. Өз кезегинде экөө тең кетирген катачылыктар үчүн бири-бирин жана кийинки башчыларды күнөөлөп, өздөрүн актаганга аракет кылышкан.
Елисеев эмне жөнүндө айтып берди?
Максим Бакиев жөнүндө
Мен өзүмдү Максим Бакиевдин досумун деп айта албайм. Славян университетинде окутуучу болуп иштеп жүргөндө бир курс сабак бергем. Кийин мамлекеттик кызматка келгенде — 2009-жылы ноябрда инвестицияларды илгерилетүү боюнча бордордук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалганда жолуктум.
Достук эмес, бул жумушчу мамиле.
*Максим Бакиев — 2010-жылы 7-апрелде болгон революцияда бийлигинен ажыраган Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин экинчи уулу. Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин ал финансылык көз боёмочулукка айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга сыртынан соттолуп, эркинен ажыратылган.
Кумтөргө байланышкан маселелер тууралуу
Алардын баарын [көйгөйлөр] мамлет өзү атайылап жасаган. Буга кайсы бир келишимди — 2009-жылдагы же 2007, 2003 ал тургай 90-жылдардагы макулдашууларды айыптоо — кыйын. Маселе ал келишимдер кандай аткарылгандыгында жана мамлекет аларды ишке ашырууда эмнелерге ээ болгонунда. Ар бир келишимдин жакшы жана жаман жактары болгон. Келишимдер туура эмес болгондуктан ушундай абалга келдик деген — туура эмес.
Акаев жана Бакиевдин убагындагы келишим
Эгерде 2009-жылдагы келишим тууралуу айта турган болсок, мен айтып берейин. Акыркы күндөрү «Кумтөрдүн» тарыхынын хронологиясын элдин баары билип калды. Кумтөр кенин казууга макулдугун берген «Камеко» компаниясы мындай деңгээлдеги алгачкы чет элдик инвестициялардын бири болчу. Ал үчүн Акаевдин алгачкы он жылдык башкаруусуна рахмат [Кыргызстандын тактан кулатылган тунгуч президенти]. Алар Кыргызстанга ушундай деңгээлдеги компанияны алып келе алышкан.
Ушул сыяктуу эл аралык компаниялардын жардамы менен Кумтөрдүн технологиялык жана экономикалык жактан эң татаал болгон долбоорун иштеп чыгуу башталган. Мен Аскар Акаевичтин аталган долбоор улуттук валютанын сакталышына жана экономиканын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү деген пикирине кошулам. Бирок 2003-жылы болгон окуя [келишимди] ишке ашыруунун натыйжасында абдан таң калыштуу болду.
Акаевдин версиясы: «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр». Аскар Акаев Кумтөр боюнча айыптарга жооп берди
Акаевдин командасынын ыкмасы туура тандалган. [Кумтөр] компанияны түзүү коомдук биржада чыккан биринчи долбоор болгон. Бирок ишке ашыруу кыйраткыч күчкө ээ болгон — «Кумтөр» долбоорундагы үлүштүн үчтөн экисин 33% акцияга алмаштыруу.
Ушул келишимдин натыйжасында Кыргызстан «Центеррадан» таптакыр акция ала албай калган. Дээрлик 2009-жылга чейин бардык акцияларынан ажыраган.
Эмнегедир Аскар Акаев дагы бул тууралуу айтпай жатат. Азыр бул тууралуу же билишпейт, же атайын сүйлөшпөйт. Кыргызстандын пайдасына деп чыгарылган бардык акциялар «Центерранын» өзүндө болгон жана Кыргызстан аны колдоно алган эмес. Алар «Кыргыз Алтын» компаниясына номиналдык түрдө жазылганы менен юридикалык жактан ага таандык болгон эмес.
Ошол эле учурда, таң калычтуу жол менен 17% акция арзыбаган тыйынга сатылып кеткен, натыйжада Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 15,7%га түшкөн. Аскар Акаевич канча бир суммадагы акча — 86 миллион доллар алганбыз деп айтып жатат, бул айтканына сыймыктанып да жаткандай. Чындыгында бул акчалар камакка алынып, Улуттук банкта тоңдурулган болчу. 2009-жылга чейин ал акчаларды колдонууга мүмкүн эмес болчу.
Акчаны бөгөттөн чыгаруу бул биздин келишимдин жетишкендиги болгон. Өкмөт экономикалык абалдан улам долбоорду изилдеп чыгууну чечкенде биринчи арбитраж пайда болгон. Азыр бул тууралуу эмнегедир сөз кылбай жатышат. 2006-жылы «Камеко» менен «Центерра» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө каршы сотко кайрылып, 1 млрд доллар талап кылышкан.
Кайыпов, Үсөнов жана Садыркулов
Арбитраж Кыргызстандын өтө таң калыштуу позициясы менен каралган — ал кезде Юстиция министри [Марат] Кайыпов болгон. Ал мага таң калыштуу нерсени айтты - «Менин арбитраж менен сүйлөшүүдө жакшы тактикам бар — арбитражды укмаксанга салуу». Өзүңөр түшүнгөндөй мындай тактика менен биз терс натыйжа гана алмакпыз.
Ал кезде «Камеко» жана «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү Данияр Үсөнов жүргүзгөн. Үсөнов 2006-жылы алар менен меморандумга кол койгон. Андан кийин анын ордуна Атамбаев менен Акылбек Жапаров келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2007-жылы келишим түзүп парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Ошол маалда бул ишке мен дагы кошулдум — мени маркум Медет Садыркулов чакырган.
Мага адвокат катары юридикалык корутунду даярдоону тапшырышкан.
Мен иш менен таанышканда чачым тик туруп калды. Кандай нерселерди күчүнө киргизүү сунушталганын көрдүм. Келишим абдан начар болчу.
Келишимге ылайык, «Камеко» Кыргызстанга белгилүү бир сандагы акцияларды өткөрүп берген, бирок анын ордуна «Центерра» «Камеконун» пайдасына кыргыз активдериндей болгон казына акцияларын чыгарган. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгын гана бузбастан Канаданын мыйзамына ылайык дагы кылмыштуу иш болгон.
Андан кийин таң калыштуу салык режими кабыл алынды, унций алтынга бирдиктүү салык киргизүү боюнча идея - ушундайды кантип түзүштү! Бул же сабатсыздыктан же атайылап жасалган. Келишим Нью-Йорк штатынын мыйзамы менен жөнгө салынган, ал эми Америкада салыктар башкача мааниге ээ. Алар ушуну түшүнүшкөн жок. Америкада салыктар мамлекетке төлөнүүчү бардык төлөмдөрдү билдирет. Чындыгында, ошол 12-13 пайыз менен мамлекет качандыр бир маалда ала алган бардык төлөмдөрдүн чыгымы жабыларын билдирген. Эгер кошумчалар көп болсо, анда аларды ушул суммага чейин азайтууга туура келет. Мындан башка дагы көптөгөн эреже бузуулар болгон.
Елисеев директорлор кеңешине кантип кирген?
Мен өзүмдүн бүтүмүмдү чыгарганда Садыркулов айтты — «Ушунчалык аябай акылдуу болсоң мен президент менен сүйлөшүп койдум, комиссияга кирип өзүңдүн чыгарган бүтүмүңө жооп бер, аны [келишимди] жакшыраак кылганга аракет кыл» Мен жаш жана дымактуу болгондуктан бул сунушту кабыл алдым. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадык — бир жылдан ашык убакытты эл аралык юридикалык компанияларды тартуу менен өткөрдүк. Биз бул арбитражды убактылуу токтоттук — ал жакта алар [Кыргызстандан] жок дегенде миллиард доллар өндүрө алышаары тууралуу доо арызы түзүлгөн болчу. Биз келишимге келдик.
Көптөр бул келишимдин түпкү маанисин түшүнүшпөйт. Бардык акциялар бөгөттөн чыгарылып Кыргызстандын менчигине өткөн, прогрессивдүү салык режими иштелип чыккан жана эң башкысы — келишим «Центерра» компаниясын «Камеконун» башкаруусунан Кыргызстандын көзөмөлүнө өткөрүү жөнүндө болгон.
«Камеко» алтын бизнесинен кетип жаткандыгын жарыялаганда биз экинчи ири акционер катары компанияны башкарууну колго алдык - келишим ошол жөнүндө болгон.
Тилекке каршы бул ишке ашкан жок, анткени 2010-жылы апрелде мамлекеттик төңкөрүш болуп кетти.
«Центерранын» жетекчилиги ал келишимдердин маңызын жаңы кыргыз бийлигинен жашырууну туура көрдү. Кыргыз бийлиги кабыл алынган жана кол коюлган документтерди окугусу келген эмес же түшүнбөй койгон. Алар өздөрүнүн айрым башчыларын дайындап башташкан. Жеке ишенимдин негизинде.
Мен «Центерранын» директорлор кеңешинде болгом, менден кийин [Амангелди] Муралиев техникалык [вице] премьер-министр кызматына келди. Бул кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган кадам. Ал мамлекеттик кызматкер катары компаниянын директорлор кеңешине кирген.
86 миллион доллар каякка жоголду?
Ошол кезде эч ким көңүл бурган жок, анткени максат саясатка аралашуу жана калган «мурасты» талап-тоноо болгон. Аскар Акаевич Бакиевдин учурунда жоголду деп сөз кылган 86 миллион долларды мен Убактылуу өкмөттүн тушунда жоголгон деп айта алам. Бул акча өнүктүрүү фондуна которулуп, Улуттук банктын эсептеринде болгон жана 2010-жылдын апрелинен кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан тонолгон. Мунун бардыгы кыргыз тараптан жасалма жол менен түзүлгөн кыйроого алып келди.
Медет Садыркулов жөнүндө
Жеке мен аны жоктоп ыйлайм, аны устаттарымдын бири деп эсептейм. Мен ага аябай жакшы мамиле жасачумун. Эгерде ал тирүү кезинде мамлекеттик төңкөрүш болсо, анда ал 2010-жылдагыдай формада болбойт эле. Ал өлкө үчүн абдан пайдалуу болмок, анын тушунда ал башкача сценарий боюнча кетмек. Ал чындыгында эле баш тамга менен жазылган мамлекеттик ишмер болгон. Бул Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.
*Садыркулов Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын башчысы болгон. Ал кызматтан кеткенден кийин 2009-жылы март айында каза болгон. Өлөрүнө бир нече ай калганда кесилген манжалар жана кулактарды алган. Бул нерселер Жаныш Бакиевдин буйругу менен жиберилгени айтылган. Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкекке жакын жерде болгон жол кырсыгында анын «Lexus» үлгүсүндөгү автоунаасы «Ауди» жеңил унаасы менен сүзүшкөндө каза болгонун билдиришкен.
2010-жылдагы ыңкылаптан кийин укук коргоо органдары кырсык атайын уюштурулган деген версияны көтөрүп чыгышкан жана Садыркуловдун мамилеси акыркы жылдары олуттуу начарлап кеткен мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйругу менен өлтүрүлгөн дешкен. Президент Бакиевдин аппаратынын экс-башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталып жаткан жети айыпталуучунун бешөө 5 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылган. Калган экөө мунапыс менен бошотулган.
Сырттан чыгарылган өкүм боюнча
Мен сыртынан соттолгон эмесмин - мунун бардыгы төңкөрүштү жасаган бийликтин ойлоп тапкан нерселери. 2010-жылдын апрелинен бери менин жүргөн жерим белгилүү, мен байланыштамын. Мага эч кандай айып коюлган эмес. Белгилүү болгондой, ал тургай адамга кабар бербестен сыртынан өкүм чыгаруу мүмкүн эмес.
Бир жолу мен чындыгында ушул жерде — Латвияда — Бишкек Жылуулук электр борборунун иши боюнча кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен күбө катары суракка алынгам. Эч кандай айыптоолор болгон эмес, мени суракка алууга себеп болгон окуялар 2010-жылдан кийин болгон, аларга менин эч кандай тиешем жок.
*Елисеев экс-президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максимге байланыштуу кылмыш иштеринде фигурант болгон. Башкы прокуратура анын лицензиясын узартуу менен Юстиция министрлиги адвокаттын жеке ишинин материалдарын жок кылган деп шектеген. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткен жана өлкөнүн жаңы бийлиги аны сыртынан сегиз жылга эркинен ажыраткан.
ӨИИБА (ЦАРИИ) жөнүндө
Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин (ӨИИБА) түзүү идеясы абдан жакшы болгон, ошол кездеги мыкты адистер чогулган, алар мамлекеттик башкаруунун жарыгы болгон. Чындыгында, биз көпкө чейин иштей алган жокпуз — 2009-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын март айынын аягына чейин. Бул убакыт аралыгында биз көптөгөн мамлекеттик программаларды, инвестициялык программаларды жаза алдык.
Өнүктүрүү фонду ушул агенттиктин башкаруусуна өткөрүлүп берилген - ал өзүнүн акчасын көбөйттү. Жетекчиликте көп киреше алып келген мамлекеттик ресурстар болгон.
2010-жылы апрелде төңкөрүш жасаган адамдар «толук чөйчөктү» алышты. Жүз миллиондогон бекер акча.
Буга чейин революционерлер мындай кең пейилдүү "мурасты" ала алышкан эмес.
Бакиевдин маалындагы тарифтердин жогорулашы
Электр энергиясына жана жарыкка тарифтердин көтөрүлүшү жөнүндө - бул программа ӨИИБА келгенге чейин кабыл алынган. Бирок бул шашылыш муктаждык болчу. Ошол түзүлгөн тарифтер экономикалык жактан пайдалуу эмес болгон. Дагы бир нерсе, калктын аялуу катмары колдоого муктаж болгон. Негизинен аны ишке ашыруу башталды.
Бакиевдин кланына болгон айыптоолор тууралуу
Айыптар кандайча коюлган - албетте, алар таптакыр негизсиз, куру сөз. Айыптарды койсо болмок, бирок аларды азыркы коюлгандай эмес башкача, башка түрдө коюш керек эле.
* Бакиев, анын туугандары жана башка жакын адамдар төмөнкү кылмыштар боюнча айыпталууда:
- «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
- «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
- «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
- Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
- «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
- «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
- 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев жогорудагы кылмыштардын бардыгы үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылып, издөө жарыяланган.
Марат, Максим, Жаныш жана Курманбек Бакиевдер КМШдагы мамлекеттер аралык издөөгө жана Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынып, айыпталып, сыртынан соттолгон.
Бирок, 2021-жылы 11-майда Жалал-Абад шаардык сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун Каныбек Бакиевге чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылган. Ал Кыргызстандын тактан кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы.
Каныбек Бакиевге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши прокуратуранын өтүнүчү менен жаңы кароого өткөрүлдү.
Мен алардын иш-аракеттеринен кылмыштарды көргөнүмдү тастыктай албайм. Мен Курманбек Бакиев жөнүндө президент катары, ошондой эле ӨИИБАда мен ага баш ийип иштеген Максим Бакиев жөнүндө айта алам. ӨИИБАда иштеген мезгил аралыгында биздин баарлашуубузда кандайдыр бир кылмыштар боюнча сөз болгон эмес деп күбөлөндүрө алам.
*Максим Бакиев баскынчы катары таанымал. Ал тараптан болгон баскынчылык жөнүндө экс-депутат Элвира Сурабалдиева айтып берген. Чет элдик ишкерлер Максим Бакиевге каршы эл аралык сотторго кайрылышкан. Алар аны баскынчылыкка жана ал тургай адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпташкан. Ал эми Максим Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Евгений Гуревич ал Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенин айткан.
Бакиевдер кланынын Кыргызстанда качып кеткенден кийинки турмушу:
Лукашенко өзүнүн резиденциясынын жанынан Бакиевге 70 сотук жер бөлүп берди
АКШ Кыргызстанга Бакиевдердин үй-бүлөсү уурдап кеткен 4,6 млн $ кайтарып берет
«Кантип Бакиевдин жеке зоопаркынан жаныбарларды сактап калгам?»
Беларус ЖМКсы: Курманбек Бакиев биотехнологияга инвестиция салды
«Азаттык»: Марат Бакиевдин Беларустагы хан сарайы табылды
Global Witness: Максим Бакиев 5 млн. долларлык хан сарайда жашап жатат