Соцфонддун экс-башчысы Ирсалиевге карата өкүм чыкты. Ал 260 миң сом штраф төлөйт

Социалдык фонддун мурдагы башчысы Медер Ирсалиевге кол алдындагы кызматкерлерден акча жыйнаганы үчүн 21-майда айыптоо өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, Ирсалиевге 260 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Соцфонддун экс-башчысы ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнөн мыйзамсыз акча жыйноо фактысы боюнча 2020-жылдын ноябрында УКМК тарабынан кармалган.

Ирсалиевге кандай айып тагылган?

Соттон Ирсалиевдин ишинин чоо-жайын ачык айтышкан жок, бирок анын фамилиясы Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акылбек Байдылдаевге карата чыккан ушундай эле өкүмдө эскерилген.

Байдылдаевдин өкүмүндө чиновник кайсы бир партиянын шайлоо кампаниясы үчүн кол алдындагылардан акча чогултканы айтылган. Партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан болчу.

«Акипресс» басылмасынын маалыматы боюнча, Байдылдаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштуу делген «Биримдик» партиясы үчүн акча чогулткан.

Соттун маалыматына ылайык, Байдылдаев Ирсалиевдин көрсөтмөсү менен WhatsApp аркылуу Соцфонддун облустук координаторлоруна билдирүү жазып, бардык аймактык бөлүмдөрдөн «үгүт кампаниясын колдоо үчүн» 40 миң сомдон чогултууга буйрук берген.

Өкүмдөгү маалыматка ылайык, 2020-жылы сентябрдын ортосунан октябрдын башына чейин Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдөн 660 миң сом топтогон. Бул сумманын 10 миңи «Биримдик» партиясын колдоого жумшалган.

«Биримдиктин» акча чогултуу иши

Мамлекеттик ведомстволордун кызматкерлеринен партиялар үчүн акча жыйноо боюнча схемалар буга чейин да аныкталып келген. Мисалы, май айынын башында Биринчи май райондук соту мурдагы кызматкерлерге карата ушундай дароо үч өкүм чыгарган.

Акча чогултуу боюнча схемага Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, финполдун экс-башчысы Бакир Таиров жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматов аралашкан.

Алар деле, Байдылдаев менен Ирсалиев сыяктуу кол алдындагы кызматкерлерден «Биримдик» партиясы үчүн акча чогултушкан.

Сот актысынын маалыматына караганда, 2020-жылы сентябрдын ортосунан октябрдын башына чейин Маматов Ботобаев менен жең ичинен сүйлөшүп, «Кадастр» ишканасынан 8100 доллар алган. Анда дагы сот аларга 260 жана 265 миң сом айып төлөө өкүмүн чыгарган.