Ташиев: «Кумтөр иши» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр иши» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн дейт. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы өлкө башчылардын бул ишке «түздөн-түз тиешеси бар».

Мындан сырткары, Ташиев Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу ачылган кылмыш ишинде «саясий куугунтук жок» деп айтты. Анын сөзүндө, ишке тиешеси бар аткаминерлердин баарын «жазага тартуу шарт».

«Кумтөр кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, ошонун тегерегинде интригаларды уюштуруп, ошонун тегерегинде биздин мамчиновниктер куурчак болуп калгандыгын элибиз көрдү. Эми мындан ары андай болбойт», — деди ал.

«Эч кимди аябашыбыз керек»

Журналисттер Ташиевден кармалгандардын тарапташтары уюштуруп жаткан митингдер боюнча пикирин сурады. Анда ал «эч кимди аябашыбыз керек» деп жооп берди.

«Кармалгандардын жакындары ар дайым эле [митингдерге] чыгып келген. Мен камалганда деле менин жакындарым чыккан. Бирок биз башка — саясий өңүттө кармалганбыз. Ал эми азыркы кармалгандар коррупциялык өңүттө, мамлекеттин байлыгын талап тоноодо кармалып отурушат», — деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК башчысы «ага жалаа жабылып жатканын» айтып, «кудай алдында тазамын» деп кошумчалады.

«Акча сураптыр, дагы башка нерсе деп жатышат. Кудайга шүгүр мен кудай алдында, мамлекет алдында акмын», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

УКМК 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы ар кандай баскычтардагы коррупцияга шектеп беш саясатчыны — экс-премьер Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевди — кармады.

Биринчи май райондук соту саясатчылардын баарын эки айга камакка алды. Ал арада кармалган саясатчылардын тарапташтары УКМКнын жана райсоттун имаратынын алдында нааразычылык акцияларын уюштурушту. Ал эми Жээнбековдун кичи мекени Ош облусунун Кара-Кулжа районунда депутатты колдоо митингги 2-июндун саат 16:00 чамасында башталып, дагы деле уланып жатат.

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда УКМК Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш ишин ачканын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.