«Кыргыз жараны жоголуп атат». Митинг Инанды табылмайынча уланат

Инандыны табууну талап кылган митинг, Бишкек шаары 3-июнь. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу/Azattyk

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын табылышын талап кылгандар 3-июнда Ак үйдүн алдына нараазычылык акциясына чыгышты.

Ага лицейдин окуучуларынын ата-энелери, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, жарандык активисттерден турган 300дөн ашуун адам катышты. Алардын баары бир ооздон бийлик ыкчам чараларды көрүп, Инандынын «аман-эсен табылышын» талап кылышты.

«Биз азыркы кезде бийликти кетсин дебейбиз, андай сөздү айтпайбыз. Биз бийлик иштесин гана дейбиз. Иштесин, бийлик иштесин!» — деди митингди алып барган ата-энелердин бири Эсен Өмүракунов.

Өмүракунов «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер Инанды жоголгондон баштап «Манас» аэропортунда, Түркиянын элчилигинин алдында жана Кыргызстандын чек ара пунктарында нөөмөттө турганын айтты. Ал митингге «жыргаганыбыздан чыгып жаткан жокпуз» дейт.

«Бизди “Сапатчылар” өздөрү эле чыгып алыптыр деп жатышат. Андай эмес! Азыр ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө коркунуч келди. Эгер бизди ушинтип эле үйдөн уурдап кете берсе, көчөгө чыксак көчөдөн алып кете берсе… [....] Ичибиз күйүп, жүрөгүбүз жанган үчүн бул жерге келип атабыз. Эгер таап берсеңер бир мүнөттө тарап кетебиз», — деди ал.

Нараазычылык акциясына «Сапат» лицейцинин бүтүрүүчүсү, режиссер Сүйүн Откеев да катышып сөз сүйлөдү.


«Бул жакта жөн гана “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти эмес, биринчиден адам жоголуп атат. Бир үй-бүлөнүн, балдардын атасы жоголуп жатат. Бир адам — бир кыргыз жараны жоголуп жатат. Биз тынч, жөн гана биздин агайыбыз табылсын деген митингге чыктык», — деди Откеев.


Ал эми белгилүү теле алып баруучу Нурзат Токтосунова «Сапат» лицейинде билим алганын белгилеп, Инандынын жоголгонун оор кабыл алганын айтты.

Ошондой эле ал «Сапат» лицейлери «эң мыкты улан-кыздарды тарбиялап өстүргөнүн» айтып, «жакшылык берген киши жакшылык көрүшү керек» деп кошумчалады.

«Кыргызстандын укук коргоо кызматы КМШ өлкөлөрү боюнча эң мыкты иштейт деп билем жана күтөм. Орхан агай табылсын!» — деди Токтосунова.

«Инандынын табылбай жатканы жакшы имидж алып келбейт»

Чогулгандар Ак үйдөн өкмөт үйүн көздөй барышты. Анда митингчилер менен депутаттар Нурбек Тотонов, Самат Исманов жана Шайлообек Атазов жолукту.

Депутат Нурбек Тотонов Инандынын жоголушу боюнча дээрлик бардык депутаттар тынчсызданып жатат деп билдирди. Ал укук коргоо органдарына «тиешелүү тапшырмалар берилет» деп убадалады.

«Ошол жерде биздин кыргыз элине канчалаган уул-кыздарды тарбиялап берип жатат. Баарыбыз билебиз. Биз эч качан өз уул-кыздарыбызды террорист деп айта албайбыз. Эң билимдүү балдар, кыздар ушул лицейден чыгып жатат. Биз жалаң гана рахматыбызды айтышыбыз керек. Жакында аман-эсен табылып, өзүнүн иш ордуна келет деген ишеним бар», — деди Тотонов.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов Инандынын табылбай жатканы «өлкөгө жакшы имидж алып келбейт» деп айтты.


«Лицейдин жетекчиси 28 жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагын көтөрүп жатат. Бул 20 жылдан ашык биздин мамлекетте эмгектенди, негизгиси Кыргызстандын жараны. Бул жарандын үч күндөн бери табылбай жатканы мамлекетибизге эл аралык деңгээлде жакшы имидж алып келбейт», — деди ал.


Жолугушуудан соң Инандынын табылышын талап кылгандар тарап кетишти. Бирок ал табылмайынча митинг күн сайын уланаарын айтышып, ИИМдин жана УКМКнын ыкчам иштөөсүн талап кылышты.

«Сапаттын» президентин табууну талап кылган жарандардын митинги бир нече күндөн бери өтүп жатат. Буга чейин аталган митингдер, 1-2-июнда өкмөт үйүнүн жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында өткөн. «Сапат» өзү мурдараак Орхан Инандыны табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы берилерин билдирген.

Орхан Инандынын жоголушу

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

«Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев «Клоопко» Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын буйрутмасы менен уурдалды деген сөздөр болуп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле Орхан Инандынын Кыргызстандын жарандыгын алганына 10 жылдан ашканын кошумчалаган.

Инандынын жоголушу коомчулукта нааразычылык жаратып, көпчүлүк анын табылышын талап кылууда. Бишкекте жарандык коом жана жөнөкөй жарандар үч күндөн бери анын табылышын талап кылып митинг өткөрүп жатышат.