Бишкек: Мэрия газ менен жүргөн 350 экоавтобусту алып келүү келишимине кол койду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 4-июнда шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын ортосунда борбор калаага жапон үлгүсүндөгү ISUZU автобустарын алып келүү боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады.

Мэриядан белгилешкендей, келишим тараптар мурда кол койгон меморандумга ылайык түзүлгөн.

Документке ылайык, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы ушул жыл ичи Өзбекстанда чыгарылган газ менен жүрүүчү ISUZU үлгүсүндөгү 350дөн кем эмес экологиялык автобустарды алып келиши керек.

«Келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин шаардын каттам линияларына жеткирилиши керек», — деп билдиришти мэриядан.

Ал арада баш калаада маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу уланууда — алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып жатышат. Буга жооп ирээтинде калаа мэриясы муниципалдык автобустар менен троллейбустардын жүгүн кантип жеңилдетсе болоорунун ыкмасын табуунун үстүндө иштеп жатат.

Бул үчүн мэрия автобустардын ишин кечки 23:00гө чейин узартууну чечкен. Андан тышкары, муниципалитеттин унаасы бар кызматкерлери жарандарды акысыз жеткиришүүдө. Жүргүнчүлөрдү бекер ташуу үчүн «Манас» аэропорту жана шаардын бир катар жеке ишкерлери дагы колдоо көрсөтүп жатышат.