Кичи-Алайда шашылыш конгон учакка үч тез жардам унаасы жиберилди

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусундагы Кичи-Алай айыл аймагына шашылыш конгон тик учакка Ноокат аймактык ооруканасынан үч тез жардам унаасы жиберилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен 4-июнда кабарлашты.

Министрлик вертолёттун кулашынан канча адам жабыркаганын азырынча маалымдай элек. Бирок буга чейин Коргоо министрлиги кырсыктан үч аскер жеңил жаракат алганын билдирген.

Ал эми «Акипресс» басылмасы өздүк булактарына таянып, жарадарлардын саны 10ду түзгөнүн жазды — алардын үчөө оор абалда. Ош облусттар аралык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Арстанкулов аларга жарадар болгон бир же эки жоокердин келиши күтүлүп жатканын билдирди.

«Бизге жабыркагандардын так санын айтышпады, биздин ооруканага бир же эки бейтап алып келинет. Алдын ала маалыматтар боюнча, аларда күйүктөр бар, зарыл болгон каражаттарды даярдап турабыз», — деди Арстанкулов.

Коргоо министрлигине таандык Ми-8 учагы Ош облусундагы Чоң-Алай районуна көздөп бара жаткан. Ал жерде 4-июнга караган түнү Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Унжу-Булак айылында контейнер орноткон. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматы эрте мененки саат 6:00до абал «чыңалуу» болгонун кабарлаган. Ал эми министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

Анткен менен Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.

Бирок Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.