«Кумтөр» иши боюнча Жылдызкан Жолдошева сурак берди

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева аскер прокуратурасына «Кумтөр» иши боюнча сурак берип чыкканын билдирди. Ага 2012-жылы алтын кени боюнча депутаттык комиссиянын токтом долбооруна добуш бергени боюнча суроо узатышкан — аталган комиссияны азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген болчу.

*Бул токтомду буга чейин экс-депутат Исхак Пирматовдун адвокаты дагы айтып чыккан. Адвокаттын айтымында, Пирматов 2012-жылы парламентте депутат болуп турганда «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча Садыр Жапаровдун долбоору өтпөй калышы үчүн добуш берүүдөн карманган деп шектеп жатат.

«Мен макул болгом. Ал мамлекеттин кызыкчылыктарына төп келген долбоор болчу. Мындан сырткары мен, Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка ээ, ал өз оюн билдиргендиги үчүн куугунтукка алынып же жоопко тартылбашы керек экенин белгиледим», — дейт Жолдошева.

Экс-депутат мурда Садыр Жапаровду жигердүү колдоп келген — ал камакка алынганда Жапаровду колдоо митингине чыгып, бошотууну талап кылган.

Жылдызкан Жолдошева Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын катарында келген. Бул партиянын тизмесинде азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

2020-жылдын октябрь айындагы жыйынтыгы окко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде төртүнчү катарда шайлоого аттанган. Аталган партияны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздеген.

Жолдошевадан сырткары, «Кумтөр» иши боюнча экс-премьер Игорь Чудинов, экс-депутат Максат Сабиров, парламенттин депутаты Рыкелди Момбеков жана экс-премьер Темир Сариев сурак берген.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

«Кумтөр иши» боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев, ошондой эле экс-премьерлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Омурбек Бабанов кармалган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге Кумтөр боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдө беш президент алмашкан — Садыр Жапаров алтынчысы. Канаданын компаниясы 1996-жылдан тартып Кумтөр кенин каза баштаган. Мындан улам, мурдагы президенттердин бардыгы шектүү болушу мүмкүн.