Адвокат экс-депутат Пирматов Жапаровдун долбооруна бут тоскону үчүн кармалганын айтып берди

Исхак Пирматовдун адвокаты Тимур Карабаев экс-депутатты кайсы кылмышка шектеп жатканын журналисттерге айтып берди.

Адвокаттын айтымында, Пирматовду 2012-жылы парламентте депутат болуп турганда «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча добуш берүүдөн карманган деп шектеп жатышат. Карабаев айыптоолор «негизсиз» жана «суу кечпейт» деп эсептейт.

«Ошол кезде депутат болуп турган Садыр Жапаров менен “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Анда Пирматов отун-энергетикалык комплекси боюнча комитеттин башчысы болчу. Пирматовго карата ошол убакта парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана башка депутаттардын белгилүү бир тапшырмаларын аткарып турган, кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Садыр Жапаровдун долбоорун өткөрбөй коюуга жан үрөгөн деген негизсиз айыптар тагылып жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, башка бир депутаттын альтернативдик долбоору даярдалган, анда “Кумтөр” боюнча башка чаралар каралган экен», — деп билдирди жактоочу.

Карабаевдин пикиринде, мындай айыптоолор өтө кооптуу, анткени депутаттын иммунитети бар жана ал айтылган ой-пикири үчүн жооп бербейт.

«“Кумтөрдү” улутташтыруу долбоору боюнча Пирматов добуш берүүдөн карманган. Анын бул чечимин башка бир кызыкчылыктарды сүрөмөлөөгө байланыштырып жатышат. Бул депутаттын долбоорду колдобой турганы менен байланыштуу болушу мүмкүн», — деп кошумчалаган адвокат.

Карабаев алар соттун чечимине даттанып, апелляция берерин билдирди.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райсоту 2-июнда экс-депутат Исхак Пирматов менен Талант Узакбаевдин бөгөт коюу чарасын аныктаган. Алар эки айга, 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

«Кумтөргө» байланышкан сурактар жана кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

Бир иш “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары.

Башкы прокуратура 21-майда Кумтөр кенин иштетүү келишимин түзүүдөгү коррупция боюнча тергөө башталганын кабарлаган.

Көзөмөл органынын маалыматына таянсак, 1992-жылдын 2019-жылга чейин жогорку кызмат адамдары жана «Кыргызалтындын» жетекчилиги «бийлик ыйгарымдарына ээлик кылып турганда» Канаданын «Камеко» жана Centerra Gold Inc компаниялары менен мыйзамсыз материалдык жана башка байлыкка ээ болуу максатында «мыйзамга жат жана туруктуу байланыш түзүп», «Кумтөр» кенин казууда Кыргызстан үчүн бир катар пайдасыз келишимдерге макулдугун беришкен.

Пирматов менен Узакбаев 31-майда «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип кармалган. Булардан тышкары, ушул ишке байланыштуу экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалган.

Жээнбеков менен Зулпукаров эки айга УКМКнын ТИЗОСуна киргизилген. Бабанов боюнча чечим бүгүн кабыл алынышы керек.

Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев, парламенттин экс-спикери Дастан Жумабеков, экс-депутат Максат Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берип чыккан.