Чоң-Алай: Коопсуз аймакка эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Чоң-Алай районунун коопсуз аймакка эвакуацияланган тургундары үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5-июнда маалымдашты.

«Учурда Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу болгондугуна байланыштуу эвакуацияланган тургундар өзүнүн туруктуу жашаган жайларына кайтып келүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган райондун Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылдарынын тургундары 4-июнда кыргыз-тажик чек арасында жаралган кооптуу кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган болчу. ӨКМ аларды Дароот-Коргон айылындагы эки мектептин, №44 кесиптик лицейдин жана Борбордук мечиттин имараттарына убактылуу жайгаштырган.

Чоң-Алайдагы окуя

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлери 600 метрге жылып кетишкен.

Чек арадагы абал саат 6:00до «чыңалуу» болуп, бирок саат 14:00гө турукташа баштаганы маалымдалган. Окуя болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин жана тажик тарап жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан көп өтпөй ӨКМ Чоң-Алай районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарын эвакуациялаган.

Ошондой эле, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нааразычылык нотасын тапшырышкандыгы белгилүү болгон.

Андан соң 5-июнда Ташиев менен Ятимов экинчи жолку сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Анда эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырууну макулдашып, аскерлер жана техникалар мурунку ордуна кайтаруу чечимин кабыл алышкан.

Тема боюнча:

Чоң-Алай: Чек арага чектеш жашагандар эвакуацияланып баштады