COVID-19: Коронавирустун жаңы 337 учуру катталды, 5 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

6-июнда коронавирустун жаңы 337 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 281, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 56. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 126;

Чүй облусунда — 36;

Ысык-Көл облусунда — 21;

Ош шаарында — 62;

Ош облусунда — 45;

Жалал-Абад облусунда — 33;

Талас облусунда — 1;

Баткен облусунда — 8;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 106 973кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 333 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 191, Чүй облусунда — 69, Ош жана Баткен облустарында — төрттөн, Ош шаарында — алты, Талас облусунда — беш, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 15 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 100 447 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 732 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 448 киши оор, 93 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 914 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 623.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 847 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — алты, Ош шаарында жана Ош облусунда — экиден, Жалал-Абад облусунда — бир медиктен илдет аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 742ге жетти, анын ичинен 4 619 медкызматкер илдеттен айыкты.