Акыркы суткада коронавирустун жаңы 362 учуру катталды, 5 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

7-июнда коронавирустун жаңы 362 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 335, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 27. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 209;

Чүй облусунда — 30;

Ысык-Көл облусунда — 16;

Ош шаарында — 39;

Ош облусунда — 39;

Жалал-Абад облусунда — 19;

Талас облусунда — 3;

Баткен облусунда — 9;

Нарын облусунда — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 107 335ке жетти.

Ал эми акыркы суткада 275 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 187, Чүй облусунда — 50, Ош шаарында — 18, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 100 722 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 732 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 493 киши оор, 109 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 914 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 822.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — үч, Чүй облусунда — эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 958 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облсутарында — бирден, Ош шаарында жана Баткен облсунда — экиден, Бишкек шаарында — беш коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 756га жетти, анын ичинен 4 624 медкызматкер илдеттен айыкты.