Акыркы суткада коронавирустун жаңы 459 учуру катталды, 5 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

9-июнда коронавирустун жаңы 459 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 413, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 46. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 183;

Чүй облусунда — 70;

Ысык-Көл облусунда — 19;

Ош шаарында — 73;

Ош облусунда — 70;

Жалал-Абад облусунда — 34;

Талас облусунда — 6;

Баткен облусунда — 3;

Нарын облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 108 173кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 331 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 178, Чүй облусунда — 84, Ош шаарында — 20, Ош облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 2, Нарын облусунда — 10 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 101 364 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 818 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 518 киши оор, 106 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 080 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 952.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — бир, Чүй жана Ош облустарында — экиден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1864 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 29 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 14, Ош шаарында — беш, Ош облусунда — алты, Чүй жана Жалал-Абад облустарында — экиден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 795ке жетти, анын ичинен 4 646 медкызматкер илдеттен айыкты.