Бишкектин ашканасында массалык ууланууга бризоль тамагы себеп болгону айтылды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борбору Бишкектеги «Ашкана № 1» тамактануу жайындагы массалык ууланууга бризоль тамагы себеп болгонун билдирди.

«Биз божомолдогондой эле текшерүү учурунда тамактан бактериялар аныкталды. Тамакты туура эмес даярдалган же кайсы бир азык-түлүктөр эскирип кеткен болушу мүмкүн», — дешти мекемеден.

Ашкананын ээлерине 22,5 миң сом айып салынганы кабарланат. Азырынча ал иликтөө убактысына байланыштуу жабык.

«Биз көзөмөл текшерүүсүн өткөрөбүз, эгер бардыгы жайыда болсо, анда кафе андан ары деле иштей берет», — деп билдиришти санэпидкөзөмөлдөө борборунан.

Июнь айынын башында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борбору Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан «Ашкана №1» тамактануу жайында массалык уулануу катталганын билдирген болчу.

Андан улам өлкөнүн ооруканаларына 22 адам түшкөнү айтылган.«Бул ар башка адамдардын тобу. Алар ашканага 25-26-майда барышкан. Бишкектин ооруканаларына 13 адам, Токмоктукуна 9 адам түштү. Уулангандардын баары аталган ашканадан тамактанганын айтышууда», — дешкен мекемеден.

«Ашкана №1» тамактануу жайынынын Кыргызстан боюнча бир нече филиалы бар. Адамдар ууланган ашкана Москва көчөсүндө, Улуттук госпиталдын тушунда жайгашкан.

Материалды даярдагандар: Нурсултан Үсөнов жана Данияр Кенжалиев