Орхан Инандыны издөө учурунда 164 кылмыштын бети ачылды

Милиция 1-июндан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны издөө боюнча активдүү тергөө жана издөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 9-июнда билдирүү таратты.

ИИМ дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кандайдыр бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүп, териштирүү жана тактоо иштерин улантып жатканын билдирди.

Аны менен катар, ИИМден белгилешкендей борбор калаанын ИИББдин кызматкерлери Инандыны издөө учурунда бир катар кылмыштардын бетин ачкан.

«1-7-июнь күндөрү 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган, анын ичинде: 57 уурулук, 45 алдамчылык, 7 бейбаштык, 1 тоноочулук жана бир каракчылык [...]», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ Бишкек ШИИББи издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө калаа милиционерлери 10 миңден ашуун объектини текшеришкен.

Билдирүүнүн этегинде ИИМдин басма сөз кызматы Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча иш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Видеокөзөмөлгө түшүп калган кадрлар

Мурда Орхан Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Сапаттын» президентинин автоунаасынын видеокаттоо камерасындагы тасмадан алынган сүрөттөрдү жарыялаган. Бул жазуулар Инанды жоголоор алдындагы акыркы жазуулар болгонун жана тергөөчү бул тасманы албаганын айтып чыккан.

«Жакындарынын айтымында, тергөөчү видеокаттодогу аталган тасманы алган эмес. ИИМ “тирүү” күбөлөр менен болжолдуу адам уурдагандарды издегенден көрө курулушу аяктай элек объектилерден издөөнү туура коргон өңдөнөт», — деп жазган ал өзүнүн фейсбук барагына.

Токтакунова кошумчалагандай, бул маалыматтар тергөөчүгө берилген, бирок сутка ичинде алар жаңы материалдарды «тергөө документтерине кошуу тууралуу өтүнүч канааттандырылып же канааттандырылбаганы тууралуу жада калса оозеки жооп берип коюуга жарашкан эмес».

Ал эми Бишкек ШИИБи Орхан Инандынын унаасындагы видеокаттоодон алынган материалдар буга чейин эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына кошулганын билдирди.

«1-июнда унааны кароодо видеокаттоонун эс тутум картасы алынып, иштин материалдарына кошулган, ал туугандарына берилген эмес. “Сапат” эл аралык окуу жайынын өкүлүнүн айтымында, адвокат туугандарынын уруксаты жок эле маалыматтарды ЖМКларга жарыялаган. Айрым адамдардан алынган маалыматтарды жеке максаттарында, өзүн пиарлоо жана жарнамалоо үчүн колдонбоого чакырабыз. Бул иликтөөнүн жүрүшүнө терс таасир этип, кылмышкерлерге жакшы кабардар болууга мүмкүнчүлүк берип коюшу мүмкүн», — дешти ШИИБден.

Инандынын жоголушу жана аны издөө

Орхан Инанды Түркияда туулган. Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери жашайт. 2001-жылдан тартып «Сапат» мектебинин президенти катары эмгектенип келген. Ал 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда.

1-июнда жергиликтүү милиция бардык аймактарга багыттама жөнөткөн. Сотко чейинки өндүрүш башталган. Инандыны издөөгө Бишкектин Октябрь райондук ИИБинде тергөө тобу түзүлгөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.Ошондой эле 1-июндан бери Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинин алдында, ошондой эле Өкмөт үйү, Ак үйдүн жанында Орхан Инандыны тез арада табууну талап кылган митингдер өтүп жатат.

Ошол эле учурда Түркиянын өкмөтүнө караштуу Sabah басылмасы 7-июнда «ФЕТОго каршы күрөштүн жаңы баскычы» аттуу материалында Инанды Кыргызстанда кармалганын жазган.

Тема боюнча:

«Sabah» басылмасы «Орхан Инанды Кыргызстанда кармалды» деп жазды