Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров 9-июнда расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Түркияга барды. Аны Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркиянынын маданият маалымат жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Жапаровдун иш сапары 11-июнга чейин уланат. Ал иш сапардын алкагында түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле, эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт. Мындан сырткары расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуп, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.

Андан сырткары Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттер жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугат.

Садыр Жапаровду бир катар аткаминерлер коштоп барды. Алар:

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

Тышкы иштер министри Рулан Казакбаев;

Президенттин администрациясынын жетексичи Сүйүнбек Касмамбетов;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.