Президент Садыр Жапаров 9-11-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 9-11-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев кабарлады.

Иш сапардын алкагында түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле, эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт. Мындан сырткары расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуп, кыргыз-түрк бизнес-форумуна да катышат.

Андан сырткары Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттер жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугат.

Орхан Инандынын жоголушу

Садыр Жапаровдун Түркияга боло турчу сапары алдында Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды жоголду. Ал 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Аны издөө үчүн атайын топ дагы түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине Орхан Инандыны издөө ишин күчөтүүнү тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Мындан улам бир жумадан бери Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат. Акцияга чыккандар Орхан Инанды табылмайынча акцияны токтотпой тургандыгын билдиришкен.

6-июнда Орхан Инандынын жубайы Рейхан видео кайрылуу жасап, жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экенин айткан.

Фетхуллах Гүлен жана «Себат»/«Сапат»

«Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Силк Роад» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

«Сапаттын» мекемесине таандык окуу жайларда өлкө боюнча 10 миңден ашуун окуучу жана студент билим алышууда.

«Сапат» уюмунун маалыматына ылайык, лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 12-14ү Жалпы республикалык тестирлөөдө жыл сайын алтын сертификаттарга ээ болушат. Жалпысынан 1996-жылдан тарта «Сапаттын» кыргыз-түрк лицейлерин 13 474 окуучу бүтүргөн.

Билим берүү мекеме түрк диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүленге таандык болгону айтылып келет. Ал эми «Себаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.

Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар экени маалымдалат.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапары менен келгенде экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө «Сапат» лицейлерине альтернатива болуп бере тургудай кылып Бишкекте Түркиянын «Маариф» фондусунун мектептерин ачууну макулдашкан. Жылдын башында «Маариф» алгачкы мектебин Бишкек шаарында ача тураганы белгилүү болгон.

ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов 2019-жылы Түркиянын бийлиги ФЕТОнун Кыргызстандагы мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү талап кылганын билдирген. Каниметовдун айтымында, Түркия анын ордуна ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуусу боюнча маалымат берүүнү убадалаган.