Таш-Көмүрдө 10 кг баңгизат сатууга аракеттенген тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында мурда бир нече жолу соттолгон тургун ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы шектүү 10 даана ооган түспөлүндөгү гашиш (башкача айтканда «чарс») баңгизатын сатууга аракеттенген. Анын жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзөт.

«Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин, 7-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кадамжай районунда 50 килограммдан ашуун ар түрдүү баңгизаттар менен жергиликтүү кеңештин депутатын кармады.

Депутаттын үйүн тинтүү учурунда 9 килограммдан ашык чийки апийим, 4 килограмм гашиш, 37,5 килограмм марихуана, 1 уруксаты жок курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылган.

Атайын кызмат шектүү уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу болуп, баңгизаттарды Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга сатуу үчүн туруктуу канал түзүп алганы аныкталганын маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандыктарга баңгизаттары интернет аркылуу кантип сатылат

УКМК: 600 миң сомдук баңгизат сатууга аракеттенген полковник кармалды

УКМК: Ош облусунан 440 кг героин кармалды