Баткенде 33 жаштагы аялды тоноп, зордуктоого шектелген эки киши кармалды

Кармалган шектүүлөр

Баткен шаарында 33 жаштагы аялды тоноого жана зордуктоого шектелип 20-21 жаштагы балдар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупованын айтымында, Баткен ШИИБине 33 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 4-июнь күнү саат 03:00 чамасында беткап кийген белгисиз атуулдар анын үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, телефонун тартып алып, зордуктаганын билдирген.

Аталган факт «Зордуктоо», «Тоноочулук» жана «Турак жайга кол тийбестикти» бузуу беренелери менен катталып, кылмышка шектелип эки киши кармалган. Тонолуп алынган кол телефон аялга кайтарылып, анын өзүнө тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын башында аталган облустун Кызыл-Кыя шаарынын тургунун карактоого шектелип үч киши кармалган — алар түндө аялдын үйүнө беткап кийип кирип, бычак менен коркутуп, ага күч колдонуп 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алып кетишкени маалым болгон.

Ал эми мурдараак Жалал-Абад облусунун тургунун үйүнө эки киши бастырып кирип, бирөөсү аны зордуктаганы айтылган. Ошондой эле аялдын башына уруп, денесине жаракат келтирген. Аял ооруканага барып биринчи жардам алган соң милицияга арыз жазган.