Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 10 киши каза болду, жаңы 459 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

14-июнда коронавирустун жаңы 459 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 432, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 27. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 178;

Ош шаарында — 122;

Жалал-Абад облусунда — 64;

Ош облусунда — 46;

Баткен облусунда — 21

Ысык-Көл облусунда — 11;

Нарын облусунда — 10;

Талас облусунда — 4;

Чүй облусунда — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 110 829га жетти.

Ал эми акыркы суткада 257 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 132, Чүй облусунда — 33, Ош шаарында — 35, Ош облусунда — 15, Талас облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 102 890 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 041 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 582 киши оор, 96 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 949 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 101.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1899 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 20 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — экиден, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда — алтыдан, Ош облусунда — үч жана Талас облусунда — бир медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 906га жетти, анын ичинен 4 680 медкызматкер илдеттен айыкты.