Каракол зоопаркындагы ооруп жаткан сүлөөсүн өлдү

«Бугу-Эне» коомдук фондунан Каракол зоопаркында узакка созулган оорудан Кот аттуу түркстан сүлөөсүнүнүн эркеги өлгөнүн билдиришти. Фонддун төрайымы Салтанат Сеитованын айтымында, жаныбардын өлүмүнө жүрөк жана өпкө кемтиги, миокард инфаркты себеп болгон.

Буга чейин фонддон сүлөөсүн этиологиясы белгисиз эки тараптуу пневмонияга кабылганын билдиришкен. Фонддун кызматкерлери акыркы күнгө чейин жаныбарды сактап калууга далалат кылышкан.

«Алты жыл мурда тоодо бир өлүмдөн калган. Бул жолу дагы сактап калууга аракет кылабыз», — деп билдиришкен болчу алар.

Түркстан сүлөөсүнү ак-илбирс сыяктуу эле Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген, аны атуу же терисин сатуу үчүн 50 миң сом штраф салынат.«Бугу-Эне» жаныбарларды сактап калууга көмөктөшүүнү каалаган жарандарга кайрылат. Жардам бергиси келгендер фонддун бир нече банктык эсебине жана «Элсом» капчыгына каражат которсо болот:

  • VISA бизнес картасы 4169 6151 8789 2652
  • «Элсом» электрондук капчыгы 0553634238
  • «Оптима Банк» 1091820239920161, BIC/БИК 109018, SWIFT: ENEJKG22⠀