Сабиз менен картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди — айыл чарба министрлиги

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев 16-июндагы Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жыйынында, келе жаткан жумада республика сабиз менен картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизээрин билдирди.

Бул Кыргызстанда сабиздин баасы кескин өсүп кеткенине байланыштуу. Бир нече күндүн ичинде сабиздин баасы бир киллограмына жалпысынан 35-40 сомдон 100-110 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда жашылча жемиш супермаркеттерде эле эмес, базарларда да кескин кымбаттаган.

Ишкерлер менен айыл чарба азыктарын сатуучулар базар бааларын аныктоо дайыма стандарттуу болуп келгенин түшүндүрүштү: салыктар кошулчу эмес, минималдык төлөм кошулчу. Сабизден кызыл кулактык кылуунун кажети жок, анткени товардын кору — минималдуу.

Айыл чарба министрлигинин версиясы

Айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу 16-июнда басма сөз жыйын учурунда сабиздин баасы кескин өсүп кеткенине сабиз Казакстан менен Орусияга экспорттолуп жатканына байланыштуу экенин түшүндүрдү.

«Биздин маалыматка карасак, 2020-жылдын беш айында 13 тоннага жакын сабиз экспорттосок, быйылкы жылы ошол эле аралыкта — 31 миң тонна болгон. Экспорттоо эки жарым эсе өскөн», — дейт ал.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын өзүндө сабиздин таңкыстыгы жаралып, натыйжада анын баасы өсүп кеткен. Анткен менен министрдин орун басары сабиздин баасы түшүм жыйнала баштаганда, тагыраагы, июлдун башында арзандайт деп ишендирди.

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасынын кымбатташы

Улуттук банк 2021-жылдын февралында эле дүйнөлүк азык-түлүк базарында баалар өсүп жатканын, Кыргызстанда дагы ал өсүүнү улантаарын билдирген. Бирок Улуттук банк күзгө жакын инфляция акырындык менен турукташаарын божомолдогон.

Азык түлүккө болгон баалардын жогорулашы тууралуу Улуттук статистика комитети дагы бир нече айдан бери айтып келет. Адистер 22-февралда 2021-жылдын январь айында 2020-жылдын январына салыштырмалуу тамак-ашка болгон баалар орточо 18,5 %га кымбаттаганын билдиришкен.

Азыктардын ичинен көбүнесе өсүмдүк майы (54,6%), картошка (46,3%), жумуртка (35,4%, кумшекер (33,1%) жана эт (27,5%) кымбаттаган.

Андан тышкары, Улуттук статком кыргызстандыктардын 2020-жылдын сентябрь-январь айларына карата реалдуу кирешеси 5%га төмөндөгөнүн айткан. Реалдуу кирешенин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын кымбатташынын кесепети.

Тамак аштын бааларынын жогорулашы тууралуу маселе талкууланганына көп болду, бирок өкмөт абалды жакшыртуу үчүн олуттуу кадамдарга бара элек. Жарандарды колдоонун бир ыкмасы ар жекшемби күнү өлкө боюнча өтүп жаткан жарменкелер. Мындай жарманкелерде баалар базарлар менен супермарткеттерге салыштырмалуу арзан.

Экономический кризис в Кыргызстане

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, 2020-жылдын март айында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып өлкөнүн экономикасы кризиске сүңгүгөн.

2020-жылдын октябрында башталган саясий кризистен улам экономикалык абал дагы начаралаган. Ошондо бир эле учурда бир нече өлкө жана эл аралык финансы институттары экономиканы колдоого жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган донорлук жардамдарын токтоткон.

Ошол эле мезгилде, октябрь айынан бери доллар жана евронун куну жогорулаганы байкалууда. Улуттук банк анын кесепеттерин жоюу үчүн валюталык интервенцияны колдонууда. Октябрда сомдун кунун кармап туруу үчүн бир күн ичинде рекорддук 42,4 млн сатылган.

Жыйынтыгында, 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 29,8 млрд сомду түзгөн, ал эми бюджеттин 2021-жылга карата тартыштыгы 7 млрд сом болору пландалууда.

Дагы окуңуз: Жумуртка жана уйдун боору — Статком кайсыл азыктар барынан тез кымбаттап жатканын айтты