Сузак районунда шахта урап түшүп, эки киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта 15-июнда урап түшүп эки адам каза тапты. Алар 44 жана 46 жашта болушкан.

ӨКМден жерине алты куткаруучу тартылып, урандынын астынан эки кишинин сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Бир апта мурда Сүлүктү шаарында да шахта урап түшкөн — анда бир киши каза болуп, бирөөсү жаракат алган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында аталган шаардагы шахталардын биринде иске ууланып бир киши ооруканага түшкөн. Ал эми мурдараак ураган шахтадан 37 жаштагы киши каза болгон.