УКМК: Президенттик аппараттын жетекчисинин экс-орун басары кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы президенттик аппараттын жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалганын билдирди. Экс-чиновник УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлык кызматында турганда «сот системасынын, укук коргоо жана маморгандардын ишине активдүү кийлигишип, мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян тийгизип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».

«Cалиев мамкызматта иштеп турганда расмий кирешесине туура келбеген мүлк активдерин сатып алып, аларды өзүнө байланыштуу адамдарга каттаткан.

Аны менен бирге аткаминер көп батирлүү турак үйлөрүн жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине каражататарды инвестиция кылган», — деп билдиришти УКМКдан.

«Көмүскө кардинал»

Экс-президент Жээнбеков 2017-жылдын 11-декабрында Алмамбет Салиевди өз администрациясынын башчысынын орун басарлыгына дайындаган.

Салиев аппараттын башчысынын орун басарлыгына келгенден кийин 2018-жылы ЖМКда ал соттордун, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт деген божомолдор айтыла баштаган.

Маалыматта «кимди камап, кимди соттош керектиги» дал ушул Салиевдин иш бөлмөсүндө чечилет деп белгиленген. Ал тургай Салиев «көмүскө кардинал» деген да атка конгон, себеби анын каалгасынын оозунда башпрокурор баштаган чиновниктер тапшырма алуу максатында кезек күтүп жүрүшкөнү айтылган.

Салиевдин жардамчысы жетекчисинин соттордун, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишине кийлигишет деген маалыматты четке каккан. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул «жигитти» жакшы тааныйм деп билдирген.

«Ал андай иштерге барбайт деп ишенем», — деп билдирген Жээнбеков ошондо.

Бирок Салиевди «көмүскө кардинал» деген сөздөр токтогон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында зомбулукка каршы марштын катышуучуларына ак калпак жана беткап кийген белгисиз адамдар кол салышкан. Милиция кызматкерлери митингге чыккан аялдарды кармап, кол көтөргөн эркектерге эч кандай чара көргөн эмес.

Буга байланыштуу 2020-жылы 11-мартта Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова «Азаттыкка» маек курган.

Анда Сооронкулова кол салгандардын милиция кызматкерлери менен байланышы бар экенин 100 пайыз ишенимдүү айта алам деп билдирген. Алардын жоругу «күч органдарынын ишин көзөмөлдөгөн» Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин уруксааты жок болбой турганын кошумчалаган.

Ал эми 2020-жылдын 15-октябрында мурдагы депутат жана активист Ширин Айтматова твиттерде өзүнө карата кайрадан коркутуулар башталып, үй-бүлөсүн сот органдары аркылуу куугунтуктап жатышканын жазган. Ал твиттеринде Алмамбет Салиевдин атын атаган.

«Алмамбет Салиев эки күн мурда эле жолдошумдун камакка алынышына байланышкан маселени чечүүгө үчүн талаптарын айттырып жибериптир. Анын талабы – Садыр Жапаровду тынчытуу жана президентти мактоо», — деп жазган Айтматова.

Салиевди кызматынан 2020-жылдын 20-октябрында ал убакта президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров бошоткон.