Чүй облусу: Мас киши мечитте ок чыгарып, намазга келгендерди өлтүрөм деп коркуткан

63 жаштагы киши Чүй облусундагы мечиттердин биринде ок чыгарган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуяга күбө болгон 50 жаштагы адамдын айтымында, мас абалындагы шектүү 15-июнь күнү кечинде мечитке кирип келип, намаз окуп жаткандарды өлтүрөм деп коркуткан. Андан соң эки жолу ок чыгарып, качып кеткен.

Факт КЖБРге «Бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алынды.

Тергөө учурунда кармалган адамдын жанынан травматикалык курал, эки гильзасы бар эки резина ок жана травматикалык куралдын 20 огу табылган.

Кийинчерээк аталган киши үй камагына чыгарылган. Бирок милиция бул иш боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.