Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму жылды

Жээнбеков/Зулпукаров

Бишкек шаардык соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды 23-июнда карамай болду. Буга шектүүлөрдүн сотко алып келинбегени себеп болду.

«Азаттык» үналгысы эки депутаттын адвокаттары соттук жараянга шектүүлөр алып келинбегенине жана ал жабык өткөнүнө нааразы болгонун жазды.

Ал эми сот имаратынын алдына чогулган эки депутаттын жүздөн ашуун тарапташы «саясий куугунтук болуп жатат» деп билдиришти.

«Мамлекетибизде мыйзамдуулук орноп, өнүгүшү үчүн сот системасын өзгөртүш керек. Саясий куугунтук мындан ары улана турган болсо биз машстабдуу түрдө Кыргызстандын бардык аймагында иш-чараларды уюштурабыз», — деди нараазычылык акциясынын алып баруучусу.

Депутаттардын тарапташтары «Зулпукаровго боштондук», «Жээнбековго эркиндик», «Саясий куугунтукка жол жок» деп жазылган транспараттарды көтөрүп бир нече саат митинг өткөрүштү. Асылбек Жээнбековду колдоп сотко агасы — Кыргызстандын Румыния жана Балгариядагы, ошондой эле, Украинадагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупбек Шарипов да келди.

Бирок ал журналисттерге комментарий берген жок.

«Кумтөр иши»

Депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууда коррупцияга айыпталып 31-майда кармалган.

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аларды эки айга камакка алган. Бирок депутаттардын адвокаттары бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча сотко кайрылышкан.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 2-июнундагы отурумунда эл өкүлдөрүнүн кармалышы жаңы кабыл алынган Конституцияга карама каршы келет деп билдирген. Андан кийин депутат Канат Исаев да шектүүлөргө карата тергөө абагында кармоо боюнча дайындалган баш коргоо чарасын кайра карап чыгууну талап кылган.

Ал арада Жээнбековдун тарапташтары туулган жери Кара-Кулжада, Зулпукаровдун тарапташтары Ноокатта митингдерди өткөргөн. Мындан сырткары сот имаратынын алдына да келишкен.

УКМК 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Анын алкагында эки депутаттан сырткары дагы бир нече экс-депутаттар, мурдагы премьер-министрлер жана учурдагы депутаттар кармалып камакка алынган. Ошондой эле бир катар саясатчылар УКМКга сурак берген.