Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековдун тарапташтары кайрадан митингге чыгышты

Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда депутат Асылбек Жээнбековдун 200гө чукул тарапташы бүгүн, 7-июнда, кайрадан митингге чыгышты. Жээнбеков 31-майда «Кумтөр иши» боюнча камалып, эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген болчу.

Жээнбековду колдоо жана коргоо штабынын жетекчиси Турат Оморов «Турмуш» басылмасына билдиргендей, буга чейин депутаттын жактоочусу анын бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Учурда чогулган эл соттун чечимин күтүп жатышат.

Алгач митингчилер Жээнбековдордун кичи мекени болгон Бий-Мырза айылынан Кара-Кулжанын акимчилигине чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Чогулгандар «Кара-Кулжа эли Асылбек Жээнбековду колдойт», «Асылбек Шариповичке боштондук», «Саясий куугунтукка жол жок» деген транспоранттарды көтөрүп алышкан.

Буга чейин 1-2-июнь күндөрү Жээнбековдун 200дөй тарапташы аны үй камагына чыгарууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Кара-Кулжа районунун акимчилигинин алдына митингге чыгышкан. Ошондой эле, райондук администрациядан Бий-Мырза айылында штаб ачылганы да кабарланган.

Ал эми Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымовдун айтуусунда, Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

«Жээнбеков эмне үчүн кармалганын түшүнбөй жатат, себеби ал Кыргызстан үчүн мыкты шарттарды түзүүгө аракет кылган», — деп белгилеген адвокат.

Асылбек Жээнбеков — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Жээнбеков Ак үй басылып алынгандан кийин анын отставкасын талап кылган учурдагы президент Садыр Жапаровдун тарапташтарынын уюштурган митингдеринин шартында кызматын тапшырып берген.

«Кумтөр» боюнча кармоо

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт негизги кылмыш иши бар экенин маалымдаган. Алардын бири — экологиялык маселелер боюнча алтын казуучу ишкананын башчыларына тиешелүү, ал эми калган үчөө коррупция фактысы боюнча бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү.

«Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 31-май күнү экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга чакырылган, ага чейин мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев да кармалган болчу.

Жогорку Кеңештин 2-июнундагы отурумунда депутат Дастан Бекешев Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун кармалышын жаңы кабыл алынган Конституцияга дал келбейт деп билдирген. Анын эртеси күнү депутат Канат Исаев Жээнбеков, Бабанов жана Зулпукаровго болушуп, аларга карата дайындалган баш коргоо чарасын кайра карап чыгууну талап кылган.