Депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровдун кармалышын мыйзамсыз деп аташты

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 2-июнундагы отурумунда эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун кармалышы жаңы кабыл алынган Конституцияга карама каршы келет деп билдирди.

Бекешев 5-майда күчүнө кирген Конституциянын 78-беренесинде парламенттин депутаты Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн деп көрсөтүлгөнүн айтты. Ал эми депутат кылмыш жасаган жеринен кармалган учурларда Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок болорун эскертти.

«Коррупция менен күрөшүү болуп жатат, мейли, бул жакшы. Бирок ошол эле кезде мыйзамдуулукту сакташ керек, туурабы?! […] Ушул жерде суроо пайда болуп жатат да: Башкы прокуратура [депутаттарды камоодон мурун парламенттен] урукстат сураш керекпи же сурабаш керекпи?» — деп суроо узатты Бекешев спикер Талант Мамытовго.

Депутат Тазабек Икрамов кесиптешинин оюна кошулуп, « учурда депутаттардын укуктары бузулуп жаткан болсо жөнөкөй жарандардыкын айтпай эле коёлу» деди.

«Бул жерде эми мыйзам бузуулар болуп жатат. Ушул үчүн ким жооп берет, кандай негизде? Бүгүнкү күнү мандаты бар депутаттарды камап жаткан соттор дагы, кармаган органдар дагы жооп бериши керек», — деди Икрамов.

Икрамов өз кезинде учурдагы бийликте отурган адамдар да «мыйзамсыз камалып кеткенин» эске салды.

Ал эми төрага Мамытов депутаттарды кармаган күч органдарынан түшүндүрмө алуу жөнүндө парламенттин аппаратына протоколдук тапшырма берди.

*2013-жылы Жогорку сот «Ата Журттан» депутат болгон Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митингинде «бийликти күч менен басып алууга» күнөөлүү деп тапкан.

«Кумтөр иши» боюнча кармалган саясатчылар

31-майда Кумтөр кенин иштерүү долбоорун ишке ашырууда коррупцияга айыпталып депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган. Биринчи май райондук соту шектүүлөрдү эки айга тергөө изоляторуна камоо чечимин кабыл алды.

Ал эми бул иштин алкагында биринчилерден болуп, 26-январда, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колго түшкөн. Ал «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.