Акыркы суткада коронавирустун жаңы 870 учуру катталды, 5 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

19-июнда коронавирустун жаңы 870 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 825, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 45. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 470;

Ош шаарында — 113;

Чүй облусунда — 100;

Ош облусунда — 74;

Жалал-Абад облусунда — 76;

Ысык-Көл облусунда — 20;

Нарын облусунда — 10;

Талас облусунда — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 114 300гө жетти.

Ал эми акыркы суткада 404 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 175, Чүй облусунда — 84, Ош шаарында — 46, Ош облусунда — 30, Талас облусу — 4, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 24, Баткен облусунда — 9, Нарын облусунда — 8 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 104 706 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 285 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 664 киши оор, 101 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 3 080 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 6 818.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — үч, Ош жана Жалал-Абад облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 925 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 34 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 13, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында — бирден, Ош шаарында — төрт, Ош облусунда — тогуз, Жалал-Абад облусунда — беш медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 058ге жетти, анын ичинен 4 734 медкызматкер илдеттен айыкты.