Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 6 киши каза болду, жаңы 585 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

21-июнда коронавирустун жаңы 585 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 552, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 33. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 353;

Ош шаарында — 54;

Чүй облусунда — 9;

Ош облусунда — 19;

Жалал-Абад облусунда — 80;

Ысык-Көл облусунда — 22;

Нарын облусунда — 4;

Талас облусунда — 9;

Баткен облусунда — 35.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 115 615ке жетти.

Ал эми акыркы суткада 360 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 170, Чүй облусунда — 70, Ош шаарында — 33, Ош облусунда — 30, Талас облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 23, Баткен облусунда — 9, Нарын облусунда — 6 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 105 410 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 403 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 712 киши оор, 101 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 4 803 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 698.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Ысык-Көл жана Ош облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 937 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 29 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 17, Жалал-Абад облусунда — 4, Ош шаарында — 6, Баткен облусунда — 2 медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 114кө жетти, анын ичинен 4 761 медкызматкер илдеттен айыкты.