БШК Бишкек шаардык кеңешке өтчү шайлоого арыз берген бардык 18 партияны каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого арыз берген бардык 18 партияны каттады. Алардын тизмеси 21-июнда жарыяланды.

Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелдеги шайлоого катышкандардан «Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек», «Реформа», «Биздин Эл», «Замандаш», «Ынтымак», «Социал-демократтар», «Ишеним», «Улуу-Журт» жана «Кыргызстандын жашылдар партиясы» каттоого алынды.

Ошондой эле «Күч бирдикте», «Жаңы-мезгил», «Борбор», «Туран», «Биздин Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Келечек-Будущее» партиялары да шайлоого катышат.

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин алгач 17 партия билдирген болчу. Кийинчерээк «Айкөл-Кыргызстан» партиясын да арыз менен кайрылып, каттоону өтүнгөн. БШК партиянын мурдагы тизмеси өзгөрбөгөнүн эске алып, кайра шайлоого катышууга уруксат берди.

Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «шайлоонун бузулушуна себепкер болгон талапкерлер өздөрү эле катышуу үчүн арыз берген жок» деп билдирди.

Кайра шайлоого жалпысынан 18 партиядан 1 371 талапкер көрсөтүлгөн — анын 1 258и катталып, 113үн БШК ар кандай себептер менен каттаган эмес.

Буга чейин Боршайком Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда.