Ош: 17 жаштагы кыз спорттук аянтчада асынган абалда табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Анын жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартты, бирок милиция өспүрүмдүн өлүмүн иликтейт.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Табакаловдун айтымында, 21-июнга караган күнү түнкү саат 03:00 чамасында милицияга калаанын Курманжан-Датка кичи шаарчасынын тургуну чалып кызы асынып алганы тууралуу кабар берген.

Ыкчам тергөө тобу жерине барганда аталган аймактагы окуу жайлардын биринин спорттук аянтчасында өспүрүм турникте асылып турган абалда табылган.

Маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартып, эч кимге доосу жоктугун билдиришкен. Бирок милициядан анын өлүмүнүн себебин териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдашты.

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Чүйдүн Сокулук районунда 14 жаштагы кыз өзү машыгып жүргөн жеке менчик спортзалда асынып алган. Ал таенеси менен жашап жүрүп, апасы келгенден кийин экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жарала баштаганы айтылган.

Милиция сөөккө кароо жүргүзүп, денесинде жиптен башка из байкаган эмес.