Ош шаарында УКМКнын кызматкерин өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды

УКМКнын кызматкерин өлтүрүүгө шектелип кармалган кишилер. Сүрөт: Ош ШИИБи

Ош шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шектелип үч киши кармалды.

Ош ШИИБден билдиришкендей, милицияга Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан 20-июнда саат 06:20 чамасында эркек кишинин жансыз денеси жеткирилгендиги боюнча кабар беришкен. Маркумду ооруканага шектүүлөр алып келишкен.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, маркумдун денесинде жарааттары бар экени байкалган.

«Шектүүлөдүн биринин көрсөтмөсүнө ылайык, спирт ичимдигин ичип алып, мас абалда Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө каза болгон А.А. менен эч себепсиз сөздөн сөз чыгып урушуп кетишкенин, маркумду бетке чапканда, эс-учун жоготуп жыгылган. Анын бетине суу чачып, жасалма деп алдырыруу жолу менен жардам көрсөтүү натыйжасыз болгондуктан, такси менен ооруканага алып келишкенин билдирген», — деп жазылат Ош ОИИБи тараткан маалыматта.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы «топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду» деп билдирди.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестирине «Бейбаштык менен өлтүрүү» беренеси боюнча катталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунда Алашан айылынын 21 жаштагы тургунунун сөөгү өзүнүн унаасынын арткы багажынан табылган. Кылмышка шектелип 24-майда аталган райондун Көк-Жар айылынын 17 жана 20 жаштагы тургундары кармалган.