Ош: Тез жардам станциясын жетектеген Шериева кызматынан жогорулады

Нурийла Шериева. Сүрөт: Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциясынын басма сөз кызматы

Дисклеймер: Урматтуу окурмандар, материалдагы такталбаган маалымат үчүн кечирим сурайбыз. Буга чейин макалада Шериева Жалил Атамбаевдин жубайы деп айтылган болчу. Бирок «Клооп» басылмасы алардын байланышынын түз далилин тапкан жок.

Ош шаардык Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциясында башкы дарыгери Нурийла Шериева ССМге караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун жетекчиси болду.

«Кызматтан көтөрүлгөнүмө байланыштуу башкы дарыгерликтен кетип жатам. Бардык кызматкерлерге менин жетекчилигим астындагы ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Ал эми шаардык тез жардам стациясына башкы дарыгер болуп Мирболот Султанов дайындалды.

Шериева Тез жардам кызматында иштеп жүргөн учурда Ош шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан катышмакчы болгон. Бирок БШК аны каттоого алуудан баш тарткан.

«Ата-Журт Кыргызстан» шайлоодо добуш сатып алууга, админресурс колдонууга айыпталган — партиянын курамынын 42% мамкызматкерлерден турган. Өткөн жылы пандемиядан улам өтпөй калган жергиликтүү кеңешке шайлоого да «Биримдик» партиясынан талапкерлигин койгон.