Республикалык штаб маморгандарга COVID-19га каршы ишти күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова 23-июнда жыйын өткөрдү.

Жыйында Бакашова мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал, саламаттык сактоо системасы «бейтаптардын саны мындан дагы көп болушуна» даяр болушу керектигин билдирди.

«Коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны тез өсүүдө. Эч ким былтыркы жылдагы экономикалык ишмердүүлүктү чектөө, ошондой эле жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт», — деди штаб башчысы.

Жыйын учурунда ал медициналык мекемелердеги айрым корпустарды коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн бошотуу, 118 кызматынын ишин күчөтүү жана жеке лабораториялардын ооруканалар менен биргеликте иш алып баруусу сыяктуу маселелерди талкуулады.

«Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алышы зарыл», — деп кошумчалады Бакашова.

Мындан тышкары, жыйынтыдын аягында Бакашова саламаттык сактоо министрлигине бир катар тапшырмаларды берди:

  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетүү;
  • ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
  • облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктоо;
  • министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
  • шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштуруу;
  • 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоо жана диагностиканы оптимизациялоо үчүн келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу;
  • вакцинациялоо темпин күчөтүү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну байкалып жатканын айткан. Анын айтымында, бул үчүн бийлик стационарларда 3 миңден ашуун койка даярдап, дагы 1,5 миңин резервге алынган.

Ал арада үч аптадан бери өлкөдө калк арасында коронавирус жуктургандардын саны көп болуп атканы байкалууда, саламаттык сактоо министрлиги күн сайын 500дөн ашык жаңы жуктуруу учурларын кабарлап жатат.