АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу үн катты

АКШнын Өкүлдөр палатасынын Нью-Йорктогу 3-округунун мүчөсү Томас Суоцци 25-июнда Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын жоголушу боюнча твиттерде пикирин жазды.

«Кыргыз-түрк педагогу Орхан Инандынын жоголушу олуттуу тынчсыздануу жаратат жана түрк өкмөтү тарабынан ишке ашырылган өкүмзордук аркылуу жоголуулардын кооптуу үлгүсү», — деп жазган ал.

Суоцци белгилегендей, Нью-Йоркто «күчтүү жана көрүнүктүү» турк диаспорасы жашайт, алар «Нью-Йорктун маданий калыптануусуна» өзүнүн барандуу салымын кошуп келет.

«Биз баарыбыз четте карап турбастан адамдын негизги укуктарын бузгандарга каршы турушубуз керек», — деп баса белгилеген саясатчы.

Human Rights Watch уюмунун билдирүүсү

Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму «Сапат» мектептеринин президенти Орхан Инандыга байланыштуу билдирүү жасаган. Билдирүүдө ал кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө үндөгөн.

Уюм Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО* коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.

Аталган уюм акыркы беш жылда түрк бийлиги Гүлен менен байланышы бар деп шектеген адамдар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнөн «өз билемдик менен кармалып, күч менен Түркияга өткөрүлүп берилген жана азыр камакка алынганын» эске салган.

«Кыргызстан адам укуктарынын эл аралык стандарттарын сактоого дилгир экенин билдирип келет, бул абдан маанилүү болуп турган так эле ошондой жагдай. Эгерде бийлик Инандыны эркине каршы кармалып жаткан жеринен бошотуп чыкпаса, анда бул эл аралык ченемдер менен Кыргызстандын Конституциясы талап кылган адамдын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин аткарбай койгон болуп калат», — деп жыйынтыктады уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти.

Издөөнүн 25чи күнү

Орхан Инанды — Түркияда туулуп өскөн. Ал «Сапат» билим берүү мекемесинин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстанда 1995 жылдан баштап иштеп келген. Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан.

1-июнда жергиликтүү милиция бардык аймактарга багыттама жөнөткөн. Сотко чейинки өндүрүш башталган. Инандыны издөөгө Бишкектин Октябрь райондук ИИБинде тергөө тобу түзүлгөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

8-июнда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Инанды 25 күндөн бери изделип жатат. Уурдалган мугалимдин тарапташтары жана «Себаттын» бүтүрүүчүлөрү байма-бай митинг өткөрүп жатышат. Бүгүн, 25-июнда Өкмөт үйүнүн алдындагы митингге 300гө чукул адам чыкты. Алар бийликтен Инандынын изделиши боюнча маалымат берүүнү талап кылышты.

ИИМдин басма сөз кызматы 25 июнда Инадыны издөө иштери уланып жатканын айтты.

«Тергөөгө кедергиси тийбеген маалымат болоор замат, дароо коомчулукка жарыялайбыз», — деп баса белгиледи ведомство.

Фетхуллах Гүлен жана «Себат»/«Сапат»

«Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Silk Road» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

Билим берүү мекеме түрк диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүленге таандык болгону айтылып келет. Ал эми «Себаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.

Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар болгону маалымдалат.

Түркиянын бийлиги Гүленди 2016-жылы Анкарада аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап келет. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүштө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев анын ордуна «Себат» мекемесин «Сапатка» алмаштырып, негиздөөчүлөрдүн катарына Билим берүү жана илим министрлигин коштурган.

Дагы окуңуз: «Кыргыз жараны жоголуп атат». Митинг Инанды табылмайынча уланат