Орхан Инанды жоголгонуна 25 күн болду. Бишкекте кезектеги митинг өттү

Орхан Инандынын табылышын талап кылган акция. Сүрөт: Архив

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылган 100дөн ашык адам кайрадан митингге чыкты. Алардын «Инанды табылсын» деген акциясы 25 күндөн бери уланып жатат.

Митингге чыккан жарандар «бийлик иштесин», «адам укутары корголсун», «жарандык укук корголсун», «Орхан Инанды табылсын», «кыргыз жараны табылсын» деген ураандарды кыйкырышты.

Акциянын катышуучуларынын арасында төкмө акын Кубат Тукешов да болду. Ал сөз сүйлөп жатып, Инандыны «Дүйшөн» деп атап, «кыргыздарды билимге жана илимге суугарды» деп белгиледи.

«Туугандар, чарчабайлы. Маанайыбызды түшүрбөйлү, агайыбыз табылат. Улуулардын сөздөрүн кенебеген замана, алам деген көп экен келе деген замана, ааламдагы эң ыйык адамдардын укугун тебелеген замана дегендей азыркы заманда адамдын өмүрү, адамдын куну бааланбай калды. Ошондой учурда биз баарыбыз бир муштум болуп, жараныбыз Орхан Инанды табылсын деп атабыз. Союз кулаган убакта Орхан агайыбыз келип билим-илимге суусап турган кыргызды илимге-билимге суугарган киши», — деди Тукешов.

Ал эми үч баласы тең «Сапатта» билим алган ата-энелердин бири азыркы күнгө чейин бийликтен «чеке жылытаарлык жооп болбоду» деп кейиди. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан Инандыны аман-эсен таап берүүнү суранды.

«Орхан Инанды биздин билимибизге ат көтөргүс салым кошкон инсан. Эң биринчи ал кыргыз жараны. Мен мамлекетибиздин башчысы Садыр Нургожоевичтен башымды ийип ички иштер органдарынын ишин көзөмөлгө алып, Орхан Инандыны аман-эсен таап беришин суранат элем. Илимдүү, билимдүү, профессор балдарды өстүргөн киши табылбай жатканы уят», — деди ал.

Тынчтык митингдин катышуучулары акция Инанды табылмайынча уланаарын кошумчалап, өкмөт үйүндөгүлөрдү кайдыгер болбоого чакырышты.

Инандынын жоголушу жана аны издөө

Орхан Инанды Түркияда туулган. Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери жашайт. 2001-жылдан тартып «Сапат» мектебинин президенти катары эмгектенип келген. Ал 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда.

1-июнда жергиликтүү милиция бардык аймактарга багыттама жөнөткөн. Сотко чейинки өндүрүш башталган. Инандыны издөөгө Бишкектин Октябрь райондук ИИБинде тергөө тобу түзүлгөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

8-июнда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму «Сапат» мектептеринин президенти Орхан Инандыга байланыштуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө үндөгөн.

Уюм Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО* коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.

Президенттик аппараттан Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен дайынсыз жоголгон Орхан Инанды тууралуу сөз болгонун билдиришкен.

Анда Жапаров түрк президенттинен Инандынын жоголушу боюнча маалыматы бар-жогун сураган. Бирок Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, «ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айткан» деп билдиришкен президенттин басма сөз кызматынан.