Марипов жубайы экөө COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 26-июнда жубайы менен бирге коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Марипов пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды вакцина алууга чакырды.

«Министрлер кабинети жарандарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоодо, бул вирустук илдеттен коргоону үчүн натыйжалуу жана коопсуз ыкма болуп саналат. Жакынкы арада биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландаштыруудабыз. Азыркы учурда кыргызстандыктарды вакцинациялоонун темпин күчөтүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдети болуп саналат», – дейт ал.

Бир нече күн мурда, 24-июнда министрлер кабинетинин отурумунда Марипов саламаттык сактоо министрлигинин калкты жапырт эмдөө боюнча ишин сынга алган. Ал ведомство препараттарды алып келүү жана келишимдерди түзүү боюнча иштерди создуруктуруп жатканын белгилеген.

Андан соң экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн өтпөсө айлык маянасын бербөөнү сунуштаган. Ошондой эле ал медиктердин арасында да эмделгендер аз болуп жатканын белгилеп, эмдөөнүн ыктыярдуу-мажбурлоо боюнча механизмдерин дагы киргизүү керектигин кошумчалаган.

Талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинети муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерди эмдөө алууга мажбурлоо чечимин кабыл алган.

«Кытайдан “Синофармдын” 150 миң дозасы келгенде биринчилерден болуп барып эмдөө алам. Бардык кызматкерлер вакцина алышы керек. Антпесе, эртең бүт иштер токтоп калат. Мен азыр тапшырмага кол коюп берем. Бардык министрликтер кызматкерлеринин вакцина алышына көзөмөл жүргүзүүсү керек», — деп билдирген Марипов.