Акылбек Жапаров мамкызматкерлер эмделмейин аларга айлык бербөөнү сунуштады

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров 24-июнда министрлер кабинетинин жыйынында мамкызматкерлерге алар вакцина алмайын айлык төлөбөөнү сунуштады.

«Менин сунушумду колдоп берүүнү суранам. Өзгөчө абал* да киргизүү керек», — деп кошумчалады Жапаров.

*Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал режими Кыргызстанда 2020-жылдын 22-мартынан тартып 10-майга чейин иштеди. Бул убакыт аралыгында бизнес жана жалпы эле экономика кыйла жоготууларга учурады.

Ошондой эле ал медиктердин арасында да эмделгендер аз болуп атканын белгилеп, эмдөөнүн ыктыярдуу-мажбурлоо боюнча механизмдерин дагы киргизүү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, Жапаров саламаттык сактоо министрлиги вакциналардын муздаткычтары үчүн жоопкерчилик ала албайт, ошондуктан бул маселени энергетика министрлигине өткөрүү керек деп эсептейт.

«Өлкөгө келе турган вакцинанын баарына муздаткычтар керек болот. 20 күндүн ичинде даярдык көрүп бүтүшүбүз керек», — деди министрликтин башчысы.Эмдөө кампаниясы начар болуп атканын министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов дагы көз жаздымда калтырган жок. Ал 24-июндагы жыйында саламаттык сактоо министрлигин препаратты алып келүү жана келишимдерди түзүү маселеси кечиктирилип жатканы үчүн сынга алган.

«Бизде эмдөөдөн өткөндөрдүн саны абдан аз, 2 млндон ашык жаран коопту топко кирет, сөзсүз эмдөө керек», — деп билдирген Марипов.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, эмдөө кампаниясы башталгандан бери Кыргызстанда элдин болгону 1,5%ы гана эмделген. Ошол эле учурда, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашованын маалыматы боюнча, өлкөдө эмдөөгө муктаж болгон жарандардын саны 3,2 млн кишиге барабар.