Араван: 16 жашар өспүрүм 12 жаштагы тууганын өлтүргөнүн моюндап, себебин түшүндүрдү

Ош облусунун Араван районунун 12 жашар тургунун 16 жаштагы тууганы өлтүргөнү аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» 28-июнда Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматына ылайык, 25-июнда Аравандын 50 жаштагы тургуну жээнинин сөөгүн аймактык ооруканага алып келген. Эксперттин катышуусу менен кароо жүргүзүлгөн учурда өспүрүм киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган.

Мындан сырткары ошол эле күнү маркумдун үйүнөн 900 миң сом акча жоголгондугу белгилүү болгон. Ал эми 27-июнда акчаны уурдоого жана өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелип маркумдун 16 жаштагы тууганы кармалган.

Аширбаевдин айтымында, шектүү райондук соцөнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин, жактоочусунун жана таятасынын катышуусунда суракка алынганда «кылмышты толугу менен мойнуна алган».

«Өспүрүм акчаны уурдап жатканда 12 жаштагы тууганы көрүп калгандыктан кылмышты жашыруу максатында аны мууздап салганын айткан. Ал эми маркумга таандык болгон бак-дарактын арасынан 783 миң 500 сом акча табылган», — деди Аширбаев.

Аталган факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш ачылып, шектүү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. ОИИБдин басма сөз катчысы эгер шектүү акчаны уурдаганы аныкталса ал факты боюнча да берене кошулаарын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Ош облусунун Өзгөн районунун 15 жаштагы тургуну 3 жашар наристени өтүрүүгө шектелип кармалган.

Ал кылмышын моюнга алып, маркум наристе «уят сөз сүйлөгөндүктөн аны тартипке чакыруу максатында талаага алып барып, бетке муштаганын» айткан. Бирок наристе эс-учун жоготкондо жерден таш алып башын жанчып, камыштардын арасына таштап качып кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш ачылып, өспүрүм камакка алынган.

«Башын таш менен жанчыган». Милиция Өзгөндө 3 жашар баланы өлтүргөн өспүрүмдү кармады