Ошто пара алууга шектелип кармалган декан үй камагына чыгарылды

Сүрөт: УКМК

Ош шаардык соту Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык табигый илимдер факультетинин деканын үй камагына чыгарды. Бул тууралуу облусттук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

«Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоодо Ош шаарында туруктуу жашаган жери бардыгын, жашы жете элек балдары бар жалгыз бой эне экенин жана кант диабети менен ооруй турганын эске алган» , — деп түшүндүрүштү соттун басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Ош облусттук сотунан шектүү 22-июндан тарта кызматынан убактылуу четтетилгенин кошумчалашты.

Буга чейин, 19-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети университеттин Оштогу жетекчилеринин бири «пара алып жаткан» тасмасын тараткан. Тасмадагы аял кабинетине келген кишилерден 100 АКШ доллары жана 5 миң сом номиналдагы акчаларды алганын көрүүгө болот.

Аталган акчалар «сессия үчүн» берилип жатканы айтылган. Ошондой эле шектүү акчалар менен столду чапкылап, ырымдаган.

Атайын кызмат кармалган шектүүнүн атын «Э. Г.» инициалдары менен жашырган. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин сайтында бул инициалдарга Гүлмира Эркулова туура келет — ал буга чейин КУУнун алдындагы коллеждин директору болгон.

*Аталган коллеж 2020-жылы Гуманитардык табигый илимдер факультетине өзгөртүлгөн.

Эркулова «Алиппе-Росток» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору. Ошондой эле ал 2009-2010-жылдары Оштун вице-мэри болуп иштеген.