COVID-19дун үчүнчү толкуну. Бишкектин 10 стационарында бош койка калган жок

Бишкекте 30-июнь саат 11:30га карата COVID-19 илдетинен дарылануучу ооруканаларда болгону 191 бош орун калды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Төмөнкү ооруканаларда орун бар:

  • №2 клиникалык төрөт үйү — 31;
  • Кардиология жана терапия улуттук борбору — 1;
  • Онкология жана гематология улуттук борбору — 3;
  • Республикалык наркология борбору — 5;
  • Кыргыз илим-изилдөө курортология жана калыбына келтирүү институту — 151.

СOVID-19 оорусуна чалдыккандарды кабыл алган калган 10 ооруканада орун калган жок.

Өлкө боюнча стационарларды жана андагы бош койкалар тууралуу маалыматты map.covid.kg сайтынан көрүүгө болот.

COVID-19дун үчүнчү толкуну

Акыркы апталарда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны кескин жогорулады. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги 15-июнда эле Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган болчу.

Өткөн суткада өлкөдө вирус жуктуруунун 1965 жаңы учуру катталды, анын ичинен 1 490 учур Бишкек шаарында аныкталды. Бирок борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачёванын айтымында, борбордогу бүгүнкүдөй көрсөткүчкө жеке лабораториялар үч сутканын маалыматын дароо беришкени себеп.

«Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны туруктуу — суткасына 500-600 адамга жетүүдө. Анын ичинде, бул статистиканын көп бөлүгүн башка шаарлардан келгендер жана оорунун белгилери жок алып жүрүүчүлөр түзөт. Бүгүнкү статистиканын көп болушуна жеке лабораториялардын үч сутканын маалыматын дароо бергени себеп болду. Бул учурлардын баары бүгүнкү статистикага кирип калды. Шаарда мынча көп айырмачылык менен көбөйгөн жок», — деп билдирди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 илдетине 125 003 адам кабылган.

Расмий маалымат боюнча, коронавирустун кесепетинен улам жалпы 2000 бейтап өмүрү менен кош айтышкан.

Буга чейин республикалык штаб кыргызстандыктарга эмедемиологиялык абал курчуп турган аймактарга баруудан карманып турууга чакырган. Ошондой эле, штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоо жана санитардык талаптарды сактоого чакырган.