Парламенттин спикери ооруканада, аппараттын 13 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин спикери Талант Мамытов COVID-19 илдетине кабылып, абалы начарлап кеткенин билдирди. Алардын маалыматына ылайык, спикер 28-июндан бери президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

Талант Мамытов.

Басма сөз кызматтан белгилегендей, 30-июнга карата маалымат боюнча Мамытовдун абалы туруктуу, ал врачтардын кароосунда.

Мамытовдон тышкары Жогорку Кеңештин дагы 13 аппарат кызматкеринен коронавирус аныкталган. Вирустун андан ары жайылуусуна жол бербөө үчүн 36 кызматкер аралыктан иштөө режимине өткөн.

Июль айынын башынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат. 30-июнга карата өлкөдө дээрлик эки миң адам вируска чалдыкканы белгилүү болду.

Июнь айынын ортосунда саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий билдирген.