Акча опузалоого шектелген «Кабарлар» агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова акталды

Үмүт Мукамбетова

Бишкектин Ленин райондук соту «Опузалап талап кылууга» айыпталган «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы актады. Бул тууралуу «Кабарлар» басылмасы маалымдады.

Мукамбетова кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганы кабарланууда. Өкүмдү судья Марлен Тентимишов 1-июлда чыгарды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кабарлар» агенттигинин жетекчисин үстүбүздөгү жылдын 22-февралда кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Мукамбетова сайттан мас абалда кармалган айдоочунун тасмасын өчүрүү үчүн андан 84 миң сом опузалаган.

«Кабарлар» агенттигинин кызматкерлери Мукамбетованы сайттын аброюна доо кетирүү максатында карматышты деп билдиришкен. Журналисттердин айтымында, алардын жетекчиси кармалганга чейин «Кабарлар» сайтына хакердик чабуулдар да болгон. Ошондой эле агенттиктин кызматкерлери аларга кээ бир кишилер чалып, айрым саясатчылар тууралуу негативдүү макала чыгарбоону талап кылганын белгилешкен.

Ошондой эле Мукамбетовага кайрылган киши маалымат жыйын куруу максатын көздөгөнүн айтышкан. Кызматкерлердин айтымында, ал «өзүнүн мас абалында унаа айдап баратып кармалган окуя тууралуу айтып берүүнү» каалаган.

«Мукамбетова көмөктөшүүгө макул болгон. Анткени ал кайрылган киши менен жеке тааныштыгы бар болгон үчүн жардам бергиси келген. Кийин Аскар “Жаннат” мейманканасында маалымат жыйын куруу үчүн анын чыгымдарына 20 миң сом берүүнү убада кылган», — деп билдиришкен агенттиктен.

Мындан сырткары, журналисттер арыз жазган «Аскар» аттуу кишинин өздүгүн ачыкташкан — ал мас абалда Бишкектин патрулдук милициясы тарабынан кармалганда бирөөгө чалып, «Садыр Нургожоевич, мен үйгө барамбы?» деп суроо узатканы менен коомчулукта белгилүү болгон.

Бул тасма коомчулукка жайылып, кызуу талкуу жараткан. Ал эми «Кабарлар» агенттигинен бул тасманы алар жайылтпаганын жана анын жайылып кетишине сайттын тиешеси жоктугун билдиришкен.